Кыздарды тарбиялоодогу эки негизги сапат

Биз кыздарды эки нерсеге үйрөтүшүбүз керек: биринчиси — күйөөсүнө чынчыл жана ишенимдүү болууга, экинчиси — тамакты мыкты жасоого

Биз кыздарды эки нерсеге үйрөтүшүбүз керек:

- биринчиси — күйөөсүнө чынчыл жана ишенимдүү болууга,

- экинчиси — тамакты мыкты жасоого.

Алар өздөрүнө татыктуу, жакшы жолдош табарына мен кепилдик берем, буга жеке өзүм кепилдик берем.

Ооба, аларга ушул эки гана сапат керек. Алар тамакты эң сонун жасап, күйөөлөрүнө ишенимдүү жана тил алчаак болушу шарт. Ошондо алар жашоодо ийгиликке оңой эле жетишет.

Бул жакта көптөгөн жаштар үйлөнгүсү келбейт, анткени алар кыздардын ыйман-адебине, ички дүйнөсүнө анча маани бербей, сырткы сулуулугуна карап үйлөнүүгө ашыгышат. Эгерде аялзаты ыймандуу, ак ниет болуп, бирок сырткы келбети анчалык сулуу эмес болсо да, күйөөсү аны баары бир сүйөт.

Ошондуктан кыздарды аруу, таза, күйөөсүнө ишенимдүү жана тамакты даамдуу жасаганга үйрөткүлө. Калган сапаттар жок болсо деле, бул өтө маанилүү эмес.

(Шрила Прабхупада менен эртең мененки сейилдөөдөгү маектен, 07.10.1975-ж.)

Комментарии

Комментарий публикуется сразу. Будьте уважительны.

Пока нет комментариев — будьте первым.