Вегетарианчылык — бул адам баласынын табигый тамактануу методу, өсүмдүк тектүү азыктар менен тамактануу жөнүндөгү окуу. Тамактануунун бул түрү жаныбарлардын, балыктардын ж.б. тирүү жандардын денесин тамак катары колдонууга каршы турат.
Адамдар эзелтеден эле вегетариан болушкан. Адамдардын тамактануусу мээрим жана боорукердик менен болуусуна жаратылыш башынан эле кам көргөндөй сезилет. Адамдар жаратылыштын эң сонун даамдары: жаңгактар, мөмө-жемиштер, гүлдөр жана өсүмдүктөрдүн, бак-дарактардын, бадалдардын ширелүү мөмөлөрү менен азыктанышкан.
Дүйнөнүн ар кайсы бурчунда вегетарианчылыктын пайда болушу жана жайылышы — бул адамдын табигый тамактануу ыкмасына кайтып келиши деп эсептесек болот. Бүгүнкү күнгө чейин от менен эттин эмне экенин билбеген уруулар, элдер бар экени эч кимге сыр болбосо керек. Алар өздөрүнүн бекем ден соолугу жана жаш көрүнгөн келбети менен таң калтырышат. Аларга бурмаланган (извращенный) даамдары менен, ден соолугун жоготуу менен, ырахат алууга умтулган биздин «цивилизация» тийген эмес. Адамдардын вегетарианчылыкка кайрылуусу — алардын дени сак, руханий илим менен, адеп-ахлакты күчөтүү жана гумандуулук менен өмүр сүрүүгө умтулуусунан кабар берет.
Вегетарианчылык көптөгөн диний жана философиялык окууларда милдеттүү түрдө кармалышы көрсөтүлгөн (бирок алардын жолун жолдоочулардын баары эле муну аткарууга даяр эмес), анткени эттен баш тартуу рухий бийиктиктерге жетүүгө мүмкүндүк берет.
Вегетарианчылык адамдын өзүн-өзү өркүндөтүүсүнүн негизи катары эсептелген токтоолук, кармануу, өзүн-өзү тартипке салуу жолдорун ачат. Ал адамды алсыраткан жана басынткан адаттарга — денелик ырахаттануу салтына, кармана албастыкка каршы коюлат.
Вегетарианчылык көптөгөн өлкөлөрдө, айрыкча Байыркы Римде жана Египетте ар дайым диний мүнөзгө ээ болгон. Бизге чейин сакталган салттар өсүмдүк тамактары адам үчүн эң табигый азык экенин көрсөтүп турат. Мисалы, Индия — жакынкы мезгилге чейин дээрлик ар бир тургуну өзүнүн адеп-ахлактык ишенимдеринен улам, башка тирүү жандыктарга болгон боорукердик сезиминен улам вегетариан болгон өлкө.
Индияда вегетарианчылык өтө терең философиялык негизге ээ. Бул жердеги негизги түшүнүк — ахимса, бул зомбулуксуздук, тирүү жандыктарга зыян келтирбөө дегенди билдирет. Экинчи маанилүү нерсе — жандын кайра төрөлүшү (реинкарнация): бул окуунун маңызы боюнча, дене өлгөндөн кийин жан өлбөйт, бирок кийинки денени алат; ал адамдын, жаныбардын, канаттуунун ж.б. денесин алышы мүмкүн. Бул — түбөлүктүү процесс. Адамдын кийинки денеси анын кандай жашоо образын жүргүзгөнүнөн (мисалы, эмне менен азыктанганынан) көз каранды болот. Ушундан улам жаныбарды өлтүрүү эмне үчүн күнөө экени айкын көрүнөт.
Антикалык доордо эле Пифагор вегетариандык тамактануунун эң жогорку денгээлде туура экендигин илим аркылуу далилдегенге аракет кылган. Жаңы доордо Гумбольдт менен Кювье ушул эле иш менен алектенишкен. Кийинчерээк Англияда көптөгөн филиалдары бар биринчи жана эң белгилүү вегетариандык коом негизделген. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө китептер, журналдар басылып чыгып, улам жаңы вегетариандык коомдор пайда болууда. АКШда 4,5 миллионго чукул вегетариан бар. Эл аралык вегетариандар союзу — 1908-жылы негизделген эң ири вегетариандык уюм. Анын бүткүл дүйнө жүзү боюнча бөлүмдөрү бар жана үзгүлтүксүз съезддерди өткөрүп турушат.
Англияда, Германияда, Австрияда жана Швейцарияда вегетариандык ресторандар, атүгүл мейманканалар бар. Айрым аймактарда жөнөкөй ресторандардын жана кафелердин ээлери конокторго вегетариандык менюну сунуштоого милдеттүү. Вегетариандыктын тарапташтары, анын маанисин кеңири түшүнө башташты. Мында гуманисттик аспект, б.а. жаныбарларды өлтүрүү жакшы көрүнүш эмес экендигин даңазалоо барган сайын алдыңкы планга чыгууда.
Орусияда Октябрь революциясынан кийин вегетариандык коомдор такыр жоголгон. Жашоонун бардык тараптарын толугу менен идеологиялаштыруу жана илимий туура көз караштар, өзгөчө биология менен коомдук илимдерде монополиялаштыруу башталган. Башкалардын катарында вегетариандыкты колдогон адистер толугу менен сүрүлүп чыгарылган.
Эгерде Чоң Советтик Энциклопедияга кайрылсак, советтик илимдин расмий позициясынын эволюциясын көрүүгө болот. Биринчи басылышында (1928-ж.) багыттардын аздыр-көптүр толук классификациясы менен вегетариандыктын концепциясы жетишерлик деңгээлде толук берилген. Экинчи басылышында (1951-ж.) вегетариандык жөнүндө таптакыр башкача айтылат.
Үчүнчү басылышында (1971-ж.) мындай деп окуйбуз: «...углеводдорго, минералдык туздарга жана витаминдерге болгон физиологиялык муктаждык, алтургай булчуңдарга күч келгенде да, өсүмдүк тамактары менен калыбына келтирүү оңойго турат». Кыска жана объективдүүрөөк.
Йога жана Чыгыштын башка ден соолукту чыңдоо системалары боюнча чет элдик адабияттар, ошондой эле батыш натуралисттеринин эмгектери вегетариандыктын жайылышына абдан түрткү болду. Мүчөлөрү вегетариан болуп же жок дегенде ушул максатка жетүүнү көздөгөн көптөгөн «ден соолук топтору» пайда болду.