Веда жазмаларындагы күн тартиби жана ойгонуу убактысы

Азыркы заманда бактылуу болууга жардам бере турчу ведалардагы күн тартибин сунуштайбыз:

Азыркы заманда бактылуу болууга жардам берген ведалардагы күн тартибин сунуштайбыз:

  • 3:00 – 4:00 «Биринчи короз чакырыгы». Кадимки адамдар уктап жаткан маал. Рухий жактан бийик адамдар рухий практикалар үчүн ойгонушат да, аларда ааламдын сырларын таанып-билүү процесси жүрөт. Бул убакыт гуналардан (таасирлерден) таза, Кудайдын мээрими түздөн-түз төгүлүп турган убак жана бул учур дүйнөнүн сырдуу сааттары болуп саналат.

  • 4:00 – 5:00 «Экинчи короз чакырыгы». Эртең мененки душ. Рухий практикалар, медитация жана дуба кылуу мезгили. Бул маалда ойгонуу адамга сергектикти, лидерлик сапаттарды, бардык кыйынчылыктарды жеңүү күчүн жана ийгиликти тартуулайт.

  • 5:00 – 6:00 «Үчүнчү короз чакырыгы». Рухий практикалар, медитация, рухий адабияттарды окуу. Эртең мененки 5–6да ар дайым ойгонуу жашоодогу чоң көйгөйлөрдөн качууга жардам берет.

  • 6:00 – 7:00 маалында ойгонгондор. Бул учурда ойгонгондор жөнүндө "поюзу кетип калды" деп коюшат. Бул убакта тургандар сергек болуу мүмкүнчүлүгүн жоготушат, көп учурда тонусу (күч-кубаты) төмөн болот жана кечигүү көп болот.

  • 7:00 – 8:00 маалында ойгонуу. Эгер адам эртең мененки 7ден 8ге чейин турса, анда ага тагдырдын берген күч-кубатынан кур калып жана төмөн денгээлдеги психикалык жана физикалык тонуска ээ болот. Ошентип, ал өз убактысын колдон чыгарып жиберет.

  • 8:00 – 9:00 маалында ойгонуу. Бул маалда тургандар өнөкөт ооруларга жакын келишет. Тонусу өтө төмөн же өтө жогору болуп, көңүл айлануу, кофеге көз карандылык, психикалык алсыздык жана депрессия байкалышы мүмкүн. Өзүнө болгон ишеним жоголот, анткени ишеним таңдын алгачкы сааттарындагы күндүн шооласынан келет.

  • 9:00 – 10:00 маалында ойгонуу. Бул маалда турган адам кырсыктарга кабылууга жакын болот. Веда боюнча мындай адамдар көп учурда мезгилсиз дүйнөдөн кайтары айтылат.

  • 11:00 жана андан кеч ойгонуу. Бул убакта тургандар караңгылык гунасынын (гуна невежество) туткунунан чыгууга эч кандай мүмкүнчүлүгү болбойт. Мындай адамдар өтө өзүмчүл болушат жана акыйкатты кабыл алууга жөндөмсүз келишет. Ойгонуунун эң акыркы чеги — саат 9:00 болуп эсептелет.

Комментарийлер

Комментарий дароо жарыяланат. Урматтоо менен жазыңыз.

Азырынча комментарий жок — биринчи болуңуз.