-
Устат сизге акыл-эстин чыныгы табиятын көрсөтөт, ал эми сынчы болгону сиздин рухий жактан алсыз экениңизди (аң-сезимиңиздин ойгонбогонун) гана тастыктайт.
-
Сиздин аны менен макул болгонуңуз же болбогонуңуз устатты такыр ойлондурбайт, ал эми сынчы сизди өзүнүн көз карашына ынандыруу үчүн жан дили менен аракет кылат.
-
Устат бардык нерсени жөнөкөйлөштүрүп, жеткиликтүү кылат, ал эми сынчы же баарын татаалдаштырат, же болбосо сиздин бир түшүнүгүңүздү экинчисине алмаштырууну гана сунуштайт.
-
Устат сизге кубаныч жана шаттык тартуулайт, ал эми сынчы сизди өзүңүздү кемсинтип, төмөн сезүүгө мажбур кылат.
-
Устатты кандай гана кырдаал болбосун көргүңүз келе берет, ал эми сынчыдан мүмкүн болушунча тезирээк кутулууну каалайсыз.
-
Сынчылар «жашоо жолубузда жолуккан ар бир адам — биздин устатыбыз» деп акыл үйрөткөндү абдан жакшы көрүшөт. Ал эми чыныгы устаттар сиз өзүңүз суранмайынча сизди өзүнүн шакирти деп аташпайт, атүгүл кээде суранып турсаңыз дагы атабашы мүмкүн.
Билим берүү
Устат менен Сынчынын айырмасы
Устат сизге акыл-эстин чыныгы табиятын көрсөтөт, ал эми сынчы болгону сиздин рухий жактан алсыз экениңизди (аң-сезимиңиздин ойгонбогонун) гана тастыктайт.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок — биринчи болуңуз.