Олуя жана көгүчкөн: Танджор раджасынын айыгуу баяны

Олуя жана көгүчкөн: Танджор раджасынын айыгуу баяны

Бул баян — карма, мээримдүүлүк жана бардык тирүү жандыктарга зыян келтирбөө (ахимса) жөнүндөгү эң сонун мисал.

 

Бул баян — карма, мээримдүүлүк жана бардык тирүү жандыктарга зыян келтирбөө (ахимса) жөнүндөгү эң сонун мисал.

Олуя жана көгүчкөн: Танджор раджасынын айыгуу баяны

Ар кайсы диний салттардагы олуялардын көрсөткөн кереметтерине күбө болбогондор көп учурда ишене беришпейт, бирок кээде тарых бул кереметтердин чындап эле болгонун тастыктаган далилдерди сактап калат.

Индиянын Танджор шаарына жакын жерде белгилүү суфий, мусулман олуясы Нагор Андавандын күмбөзү жайгашкан. Азыркыга чейин бул күмбөзгө жүздөгөн зыяратчылар келип, шыпаа жана күнөөлөрүнөн арылууну тилеп суранышат. Андаван тирүү кезинде өтө катуу адам болгон жана көйгөйлөрүнөн оңой-олтоң кутулууну көздөп келгендерди көп кууп жиберчү, бирок көз жумгандан кийин ал күмбөзүнө башын ийип, тобо кылып келгендердин баарын кабыл алат. Олуянын күмбөзү турган жердеги зор ибадаткананы (храмды) индус дининдеги Танджордун Раджасы курган. Ал ибадаткананы каржылоо үчүн чоң жер тилкелерин бөлүп берип, ал жерден түшкөн кирешеге ибадаткана багылып келет. Анын керээзи боюнча, ошол жерлерде өстүрүлгөн дан көгүчкөндөргө берилиши керек. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин бул куштардын чоң үйүрлөрү ибадатканада өздөрүн толук кандуу кожоюн сезишет. Мунун артында абдан кызыктуу бир окуя жатат. Аны кезектеги уламыш катары кабыл алып, көңүл бурбай коюу оңой, бирок күн сайын Андавандын күмбөзүнө учуп келип, өздөрүнө керээз кылынган данды чокуган көгүчкөндөрдүн эбегейсиз үйүрлөрү бул окуянын чындык экенин далилдеп турат.

Раджа ал кезде бир топ эле жаш болгонуна карабай, өлүм төшөгүндө жаткан эле. Ыйлап-сыктаган туугандары өкүмдардын өлүмүн күтүп, анын тегерегине чогулушту. Жубайы, энеси, балдары — баары анын төшөгүнүн жанында бир нече түн уйкусуз таң аттырышты, бирок аракеттеринин баары текке кетти. Падыша күндөн-күнгө алсырап, көздөрүнө өлүм көлөкөсү түшө баштагандыктан, эң жакын туугандары да анын тирүү калбасын түшүнүп калышкан. Оору аны эч бир себепсиз, капысынан кармап, саналуу гана күндөрдүн ичинде ичтен жеп падышаны алсыратты .

«Башың аман кезинде жогол бул жерден, кайырчы! Ушул жерде сен эле кем болуп жаттың эле! Мыкты дарыгерлер падышабызды дарылоодон баш тартып жатса, сен аны айыктырмак белең!» Жоокерлер сарайдагы кайгылуу жымжырттыкты бузуп, дарбазанын алдынан кайырчыны катуу кыйкырып кууп жатышты. Дарбазанын алдында турган адам — атактуу олуя Рагхавия, башка бир улуу олуя, мусулман дербиши Нагор Андавандын эң жакын досу жана сырдашы экенин алар кайдан билсин (айтмакчы, ал өзүнүн "Андаван" — "Ааламдын Кожоюну" деген улуу наамын дал ушул окуядан кийин алган). Экөө биргеликте көптөгөн кереметтерди жасашкан: оорулууларды айыктырып, кайгыргандарды сооротуп, үмүтүн үзгөндөрдүн жүрөгүнө ишеним отун жагышкан.

Кайырчы эч нерсе болбогондой токтоо турду. Ал, кууп жаткан жоокердин көзүнө тике карап, акырын гана мындай деди: — Ким билет, балким, дарыгерлер баш тарткан адамга кайырчы жардам береттир? Мага аны көрүүгө уруксат бергиле. Мен бул жакка садака сурап эмес, силерде жок нерсени берүү үчүн келдим.

Раджанын карыган энеси кокусунан дербиштин токтоо жана ишенимдүү үнүн угуп, адамдын жүрөгүндө ар дайым жашаган  үмүттөн улам жүрөгү катуу сого баштады. Жашына карабай, ал кир-коко, жыртык кийимчен кайырчыны жакыныраак көрүү үчүн тепкичтен ылдый чуркап түштү. Жоокерлер, падышанын энесин,сууга чөккөн адамдын чөпкө жармашкан абалындай эстетип,аябай тынчсызданганын көрүп, ханыша-энени аянычтуу карап турушту.

Дербиш өз сөзүн бербеди: — Мени Раджага алып баргыла. Ким билет, Кудай каалаган адамын сактап кала алат. Эненин жүрөгүндө үмүт менен шылдың болуу коркунучу күрөшүп жатканда, дербиш үмүт жеңерин билип, сабырдуулук менен күтүп турду. Акыры, ханыша-эне кайырчыга өзүнүн артынан ээрчип келүүнү буйруду.

Жарым караңгы бөлмөдө Рагхавия өлүм алдында жаткан адамды унчукпай карап турду. Бир маалда анын жүзүн күтүүсүз жылмаюу каптады. Эми ханыша-эне эле эмес, бөлмөдөгүлөрдүн баары кайырчыны үмүттүү карап калышты. Ал баарын карап чыгып, акырын гана: — Мен өзүм ага эч кандай жардам бере албайм, — деди. Өлүм алдында жаткан адамдын төшөгүнүн жанына чогулган аялдардын көздөрүнөн жаш тегеренди. — Бирок, — деп бир аз тыныгуудан кийин сөзүн улады дербиш, — Махараджаны ким айыктыра аларын айтып бере алам. — Жалынабыз, бизди кыйнабачы! — Тез арада суфий Нагорго баргыла. Танджорго жакын жерде манго багы бар. Аны ошол жерден, дарактын түбүндө отурган жеринен табасыңар. Ага кайгыңарды айтып бергиле, ал падышаны сактап калуу үчүн эмне кылуу керектигин айтып берет.

Эне ушундай ишти башка бирөөгө ишенип тапшыра алат беле? Бир сааттан кийин бой көтөргөн ханыша-эне уулун сактап калуусун өтүнүп, белине чүпүрөк гана байланган мусулман дербиши Нагордун бут алдында чаңга оонап жалынды.

— Сактап кал дейсиңби? Эмне үчүн мен кимдир бирөөнү сактап калышым керек? Алгач өзүңөр акмактык кыласыңар да, анан мага чуркап келип, куткарышымды суранасыңар? Буга менин кандай тиешем бар? — Нагор жүзүн буруп кетти, бирок эне анын бутунан кучактап, боздоп ыйлаганын токтоткон жок. Акыры ал жумшарып: — Мен эмне айтсам, ошонун баарын аткарабыз деп сөз бер, — деди. — Эмне десеңиз, ошонун баарын аткарабыз, болгону уулумду куткар, менин байкуш уулумду сактап кал, — деп ыйлап жатты эне.

— Сарайга кайтып баргыла, канчалык тез болсо, ошончолук жакшы. Уулуңдун бөлмөсүнөн, анын башынын так үстүндөгү шыптан жакында эле шыбалган тешикти табасыңар. Сенин акмак уулуң эрмек үчүн ал жерге бир көгүчкөндү тирүүлөй шыбап салган. Көгүчкөн өлүм алдында турат. Шашылгыла. Эгер анын өмүрүн сактап калууга үлгүрбөсөңөр, уулуңду эч ким сактап кала албайт. Ал көгүчкөнгө кандай азап тарттырса, ал кайра өзүнө кайтты.

Бирок дагы бир шарт бар. Эгер уулуңдун кайрадан тирүү жана шайдоот болушун кааласаңар, мындан ары эч бир тирүү жандыкка зыян келтирбейбиз деп ант беришиңер керек. Ар бир жандыктын өмүрү ыйык. Аны силер берген эмессиңер, демек, алууга да укугуңар жок. Башка жандыктын жашоосуна кийлигишүү — эң чоң күнөө. Ушуну эсиңерге түйүп алгыла, анткени башкаларга келтирилген азабыңар эселеп кайтып келет жана ал азаптын аягы болбойт. Тез баргыла, кеч болуп кала электе!

Кызматчылар жаш раджанын төшөгүнүн үстүндөгү шыпты бузуп ачышканда,көздөрү тумандап, чала жан болуп калган көгүчкөндү көрүштү. Байкуш куш шыптын ичинде камалып, үнсүз агонияда жашоо үчүн күрөшүп жаткан экен. Карыган эне байкуш кушка мээрим төгүп, өтө аярлык менен идиштен суу ичирди, акырындап көгүчкөн өзүнө келе баштады. Ошол эле учурда, бир нече күндөн бери биринчи жолу раджа жаздыктарынан башын көтөрүп, төшөктүн четине отурду. Көгүчкөн жеген ар бир дан, жуткан ар бир тамчы суу менен падышанын абалы жакшыра баштады. Акыры көгүчкөн асманга учуп чыкканда, раджа ордунан туруп, өз бактысына өзү ишенбей, басып кетти.

Коркунуч артта калгандан кийин, энеси андан сурады: — Айтчы деги, байкуш көгүчкөндү эмне үчүн шыпка камап салдың эле? Уулу уялып кетти: — Көгүчкөндөр менин төшөгүмдүн так үстүндөгү чатырга уя салышкан. Таң атпай күрүлдөп уктатпаганы аз келгенсип, тез-тез эле жаздыгыма чычып салышчу. Акмак куштарга ачуум келип, кармалган көгүчкөндү өзү салган уяга тирүүлөй шыбап салууну буйругам. — Уулум, сени Нагор аттуу кайырчы дербиш сактап калды. Ага баргын да, бутуна жыгылып, мындан ары эч бир тирүү жандыкка зыян келтирбей турганыңа сөз бер. Сен ушуну кылмайынча, менин жүрөгүм тынч албайт.

Ошентип, индус падышасы өзүнүн таажысын мусулман кайырчысынын бут алдына коюп, ага "Ааламдын Кожоюну" дегенди билдирген "Андаван" деген ардактуу наамды ыйгарды. Өзүнүн куткаруучусунун урматына Махараджа Танджора эбегейсиз чоң күмбөз-ибадаткана тургузуп, ал жердеги көгүчкөндөрдү багууну керээз кылып калтырган...