Вегетариандык борщ

Бүгүн эт, пияз, сарымсак кошулбаган, ахимса принциби менен, накта даамдуу вегетариандык борщ жасаганды үйрөнөбүз: Керектүү азыктар: 5-6 даана чоң картошка 2-3 л суу 1 даана орточо сабиз 1 даана кичирээк кызылча 1 даана болгар калемпири 300 г капуста 1-2 аш кашык томат пастасы 3-4 аш кашык эритилген сары май (Гхи майы)

Бүгүн эт, пияз, сарымсак кошулбаган, ахимса принциби менен, накта даамдуу вегетариандык борщ жасаганды үйрөнөбүз:

Керектүү азыктар:

  • 5-6 даана чоң картошка
  • 2-3 л суу
  • 1 даана орточо сабиз
  • 1 даана кичирээк кызылча
  • 1 даана болгар калемпири
  • 300 г капуста
  • 1-2 аш кашык томат пастасы
  • 3-4 аш кашык эритилген сары май (Гхи майы)
  • 1 чай кашык тууралган петрушканын тамыры (каалоого жараша)
  • 1 чай кашык майда сүргүчтөн өткөрүлгөн жаңы имбирь же 0,5 чай кашык кургатылганы
  • 1 чай кашык кара мурч
  • 1-2 чай кашык кургатылган паприка
  • асафетида – бычактын учу менен
  • татымына жараша туз
  • татымына жараша ачуу калемпир
  • көк чөптөр (укроп же петрушка)

Даярдоо ыкмасы:

  1. Картошканы аарчып, орточо көлөмдөгү кубик кылып туурап, кайнатабыз.
  2. Картошка кайнагыча, көмөч казанга эритилген сары майды ысытып, ага алдын ала ичке таякча түрүндө тууралган кызылчаны, сабизди жана таттуу болгар калемпирин куурабыз. Даяр болгон жашылчаларга татымалдарды: имбирь, кургатылган паприка, кургатылган петрушка, мурч, асафетида жана тузду кошуп, 30-40 секунд кууруп, андан соң томат пастасын кошуп, дагы бир мүнөт демдеп бышырабыз.
  3. Дээрлик бышып калган картошкасы бар казанга куурулган жашылчаларды кошобуз. Туз салабыз.
  4. Капустаны туурап, борщко салабыз. Баары дагы бир жолу кайнап чыкканда – өчүрөбүз. Жарым саатка демдеп коебуз.
  5. Бир кашык каймак кошууну унутпастан, тарелкаларга куябыз. Жаңы көк чөптөр менен кооздойбуз.

Тамагыңыз таттуу болсун!

Поделиться

Комментарии

Комментарий публикуется сразу. Будьте уважительны.

Пока нет комментариев — будьте первым.