Веда деген эмне?

Учурда «Веда» деген сөз барган сайын популярдуу болуп баратат. Бирок чынында, Веда деген эмне экенин көпчүлүк биле бербейт. Бул макалада биз Ведага тиешелүү болгон түшүнүктү кыскача жана жөнөкөй түрдө карап чыгууга аракет кылабыз.

Учурда «Веда» деген сөз барган сайын популярдуу болуп баратат. Бирок чынында, Веда деген эмне экенин көпчүлүк биле бербейт. Бул макалада биз Ведага тиешелүү болгон түшүнүктү кыскача жана жөнөкөй түрдө карап чыгууга аракет кылабыз. «Веда» сөзүнөн (орусча «ведать» - билүү) бизге кандайдыр бир тааныш, жан дүйнөбүзгө жакын нерсе угулат. Веда жазмалары жазылган санскрит тили дүйнөдөгү көптөгөн тилдердин башаты болуп саналат. Дал ушундай эле, Ведалардын өзүндө адамзатка ачылган бардык билимдердин негиздери камтылган. Материалдык көз караш менен караганда, буга ишенүү кыйын. Бирок Ведалар жөн гана жазылбастан, Жараткандын Өзү тарабынан айтылып, устаттан шакиртке мурас катары өткөрүлүп берилгенин эске алсак, анда баары чындыкка коошуп калат... Ведалар — бул азыркы коомдогу көптөгөн адамдар элестеткендей - дин эмес. Ведалар — бул адамдарга төмөнкүлөр жөнүндө билим же илим берген терең, байыркы билим:

  • адамдын чыныгы табияты;
  • курчап турган дүйнөнүн маңызы;
  • Кудай;
  • жана адамдын өзүнө окшогондор менен, курчап турган дүйнө жана Кудай менен болгон өз ара мамилелери.

«Веда» бул сөздүн түз маанисинде «билүү» дегенди түшүндүрөт, б.а. ведалар — бул биз жашап жаткан дүйнөнүн түзүлүшү жөнүндөгү билимдер.

ВЕДАЛАР – БУЛ БИЛИМДЕР

Ведалардын бөлүмдөрү адамга керек болушу мүмкүн болгон бардык билим тармактарын толук сүрөттөп берет:

  • шаар куруу — Вастушастра;
  • архитектура — Стхапатьяведа;
  • грамматика — Вьякарана-Веданга;
  • математика — Схулба-сутра;
  • астрономия жана астрология — Джьотиша-шастра;
  • химия — Расаяна-шастра;
  • медицина — Аюр-Веда;
  • согуш өнөрү — Дханур-Веда;
  • саясат жана юриспруденция — Ману-самхита;
  • жарандык мыйзамдар — Нити-шастра;
  • этимология — Нирукта-Веданга;
  • философия — Упанишады, Веданта-сутра;
  • ошондой эле логика, социология, психология, тарых жана башкалар.

Веда жазмалары (шастралар) гармониялуу бүтүндүктү түзөт жана адамга өзүнүн ар кандай материалдык муктаждыктарын канааттандырууга, физикалык жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, жыйынтыгында жогорку адеп-ахлактык деңгээлге көтөрүлүүгө жардам берет. Бирок веда адабиятынын негизги максаты — руханий өзүн-өзү таануу илимин баяндап берүү, ошону менен адамды азап-кайгылардан арылууга алып келүү. Ведалар адам өмүрүнүн чыныгы максаты — бул убактылуу жана азаптарга толгон дүйнө менен келишүү эмес, тескерисинче, өзүн руханий жан катары таанып-билип, түбөлүк бакыт үчүн күрөшүү экендигин ырастайт. Жан жөнүндөгү илим «Бхагавад-гитада» кеңири баяндалган. Ар бир индивидуалдуу тирүү жан, аны курчап турган дүйнө менен ал кандайча байланышта экенин түшүнүү үчүн, «Мен киммин?» деген суроого жооп берүүсү зарыл. Ведалар боюнча, адам өзүн материалдык дене катары көрө баштаганда жана материалдык дүйнөнү жалгыз реалдуулук деп эсептегенде иллюзиялардын туткунуна түшөт. Ал ошентип Жогорку Жаратуучу жөнүндө суроо берүүгө болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберет.

ВЕДАЛАР ЖАНА ТАРЫХ

Адамзаттын тарыхында Ведалар унутулуп калгандай сезилген мезгил болгон. Бирок XX кылымдын башынан тартып аларга болгон кызыгуу тынымсыз өсө баштады. Атомдук бомбаны иштеп чыгуучулардын бири, физик Роберт Оппенгеймер өзүнүн макалаларынын биринде жазгандай: «Ведаларга жетүү мүмкүнчүлүгү — бул мурунку кылымдарга салыштырмалуу ушул кылымдын эң чоң артыкчылыгы». 5000 жыл мурун акылман Вьясадева тарабынан жазылган Ведалар төмөнкүлөрдү билдирет:

  • төрт өзүнчө бөлүк (Риг-Веда, Яджур-Веда, Сама-Веда жана Атхарва-Веда),
  • он сегиз тарыхый жазма (пураналар),
  • ошондой эле улуу эпикалык чыгармалар «Махабхарата» жана «Рамаяна».
  • Веда адабиятында «Махабхаратанын» бир бөлүгү болгон «Бхагават-гита» өзгөчө орунду ээлейт.

«Бхагават-гита» - бул болжол менен 5000 жыл мурун Курукшетра майданындагы согуштун алдында Шри Кришна менен анын берилген досу Аржунанын ортосундагы диалог. «Гитада» Веда философиясынын маңызы баяндалган жана ал Индиянын дээрлик бардык диний агымдары үчүн негизги ыйык китеп болуп саналат.

ЖЕР ЖҮЗҮНДӨГҮ ВЕДАЛАР

Бир нече миң жыл мурун веда маданияты кеңири аймакка тараган. Анын издери кыргыз элинин маданиятында да даана байкалат. Веда философиясы жана ааламдын мыйзамдары жөнүндө А.Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупаданын китептеринде жеткиликтүү жана ынанымдуу түрдө жазылган: «Бхагавад-гита өзүнүн түп нускасында», «Шримад Бхагаватам», «Өзүн-өзү таануу илими», «Йога жеткилеңдиги» ж.б. китептерде.

Бөлүшүү

Комментарийлер

Комментарий дароо жарыяланат. Урматтоо менен жазыңыз.

Азырынча комментарий жок — биринчи болуңуз.