Чыныгы мырза

Сиздин оюңузча, эркек менен аялдын ортосундагы мамиледе эмне өзгөчө маанилүү жана «чыныгы мырза» деген ким?

Сиздин оюңузча, эркек менен аялдын ортосундагы мамиледе эмне өзгөчө маанилүү жана «чыныгы мырза» деген ким?

Аялдын эң маанилүү сапаттарынын бири – ыраазы боло билүү. Бул деген алтын балык жөнүндөгү жомоктогу атактуу кемпирдин кылыгын кайталабоо дегенди билдирет. Эсиңизде болсо, ал уламдан-улам көбүрөөк талап кылып отуруп, акыры абышкасы менен болгон мамилени бузуп алган. Көптөгөн айымдар нааразы болушу мүмкүн: эгер мен азга каниет кылсам, менде эч качан эч нерсе болбойт да, деп. Бирок, эгерде аял өзүнүн мырзасынын жанында болуп, ал берген нерселерди кабыл ала билсе, анда эркек ага улам көбүрөөк берүүгө умтулат. Ал эми аял талап кыла берсе, ал эркек менен болгон мамилесин буза баштайт.

Эркектерге келсек, алардын табияты лидерликке жакын, күчтүү, активдүү жана башкаларды ээрчитип кете алчу мүнөзгө ээ. Бирок чыныгы мырза – бул пайдаланган, эксплуатациялаган жана багындырган адам эмес, ал кам көргөн жана коргой билген адам. Эркектин фундаменталдык сапаты – башкаларга кам көрүү. Ошондуктан аял менен болгон мамиледе эркек сезимтал болуп, анын эмоцияларына жооп бере билиши керек. Аял үчүн эркектин анын сезимдерине көңүл буруп жатканын сезүү абдан маанилүү. Эркектин дагы бир маанилүү сапаты – бул өзүнүн эмоцияларын башкара билүүсү.

Эркек кандайдыр бир максатка жетүү үчүн жашашы керек, башкача айтканда, анын миссиясы болушу шарт. Бул деген, анын башкаларга пайда алып келе турган кандайдыр бир иш менен алек болуусу зарыл экенин түшүндүрөт. Ал эми эркек өз каалоолорун гана канааттандыруу деңгээлинде жашаса – бир банка сыра, футбол жана башкалар, анда ал өзүнүн эркектик энергиясын текке кетирет. Жыйынтыгында ичинен боштукту, жашоонун маанисиздигин сезе баштайт да, 40 жашка келгенде катуу депрессияга кабылат.

Поделиться

Комментарии

Комментарий публикуется сразу. Будьте уважительны.

Пока нет комментариев — будьте первым.