Аялдын энергиясы. Аны кайдан алууга болот?

Аялдын энергиясы – бул дүйнөнүн негизи. Жана аялдын негизги милдети – аны башкаларга тартуулоо, жолдошун шыктандыруу, балдарын коргоо, туугандарына жана жакындарына кам көрүү үчүн энергияны чогултуу жана топтоо. Аял энергияга толуп турган учурда, ал эркектер үчүн абдан жагымдуу болот, анткени...

Аялдын энергиясы – бул дүйнөнүн негизи. Жана аялдын негизги милдети – аны башкаларга тартуулоо, жолдошун шыктандыруу, балдарын коргоо, туугандарына жана жакындарына кам көрүү үчүн энергияны чогултуу жана топтоо. Аял энергияга толуп турган учурда, ал эркектер үчүн абдан жагымдуу болот, анткени дал ушул аял аркылуу эркек Кудайдан берилген касиеттүү сезимдерди түшүнүп, сүйүүнүн бардык гаммасын жана боёкторун сезе алат, эркек аялсыз буга жөндөмсүз. Өзүнө ыраазы болгон, жеңил, канат байлап учкан, дүйнөгө көптөгөн жарык, ырайым, назик жана жылуулук чачкан энергияга толуп турган мындай аял, эркек үчүн абдан баалуу болуп калат. Мындай аялдарды эркектер таштап кетишпейт, мындай аялдар үчүн эркектер ар кандай эрдиктерге барууга даяр. Энергиясы ташып турган аял эркекке жабышпайт, чалат бекен же чалбайт бекен деп күтүп кыйналбайт, ал бүткүл табиятка чексиз сүйүү менен мамиле кылат, өзүнүн сулуулугуна ишенет жана ким менен болууну өзү тандайт. Аялдар назик энергияны төмөнкү учурларда алышат:

  • ачка болгондо (бирок бул жерде этият болуу керек, анткени мындай аскезалар аялдын жүрөгүн катуу кылып коет, ошондуктан эгерде сиз ачка болууга ички муктаждыкты сезбесеңиз, анда муну жасоонун кереги жок),
  • дем алуу (пранаяма) көнүгүүлөрүн жасаганда,
  • жалгыз калганда,
  • жаратылышта сейилдегенде, кооз пейзаждарды көргөндө, табият стихиялары менен байланышта болгондо,
  • өзүбүздүн ырахатыбыз үчүн чыгармачылык менен алектенгенде,
  • күлгөндө, кубанганда, чын жүрөктөн баарлашканда,
  • кимдир бирөөгө акысыз жардам бергенде,
  • жупунулукту, жөнөкөйлүктү көрсөткөндө,
  • тамакты адалдап, жаңы азыктардан өзүбүз жасаганда,
  • пранага (жашоо энергиясына) бай азыктарды жегенде – табигый дан эгиндери, ботколор, эритилген сары май, бал, мөмө-жемиштер, жашылчалар,
  • кечки саат 9-10дон түнкү саат экиге чейин уктаганда (башка убакта канча уктасак да, нерв системасы эс албайт),
  • гармониялуу адамдан жакшы массаж сеансын алганда
Поделиться

Комментарии

Комментарий публикуется сразу. Будьте уважительны.

Пока нет комментариев — будьте первым.