Аялдын ишеними эркекке канат боло алабы?

Кээде бир ооз жылуу сөз адамдын бүт өмүрүн өзгөрткөн учурлар кездешет. Ал эми үй-бүлөдөгү жакын адамыңдын ишеними — андан да күчтүү таасир бере алат.

Кээде бир ооз жылуу сөз адамдын бүт өмүрүн өзгөрткөн учурлар кездешет. Ал эми үй-бүлөдөгү жакын адамыңдын ишеними — андан да күчтүү таасир бере алат.

Эркек сырттан канчалык күчтүү көрүнбөсүн, анын да чарчаган, күмөн санаган, өзүнө ишенбей калган учурлары болот. Ошол учурда:

  • «Мен сага ишенем»
  • «Колуңдан келет»
  • «Кандай кыйынчылык болсо да, биз биргебиз»

деген сөздөр адамга кайра күч бериши мүмкүн. Эми бул жөн гана азыркы учурда трендге айланган психологиялык түшүнүкпү?

Веда жазмаларындагы көз карашта үй-бүлө — эки адамдын, аял менен эркектин эле биримдиги эмес. Веда адабияттарында жазылгандай, үй-бүлөлүк жашоо адамдын дхармага негизделген жашоосундагы маанилүү баскыч катары каралат. Күйөөсү менен аялы бири-биринин кемчилигин издеген атаандаштар эмес, бир максатты көздөгөн өнөктөштөр болушу керек.

«Шримад-Бхагаватамда» аялдын үй-бүлөдөгү сапаттарынын арасында күйөөсүнө жакшылык каалоо, жагымдуу мамиле кылуу, чынчыл болуу, жылуу сөз сүйлөө, мээримдүү болуу сыяктуу сапаттар айтылат.

Бул жерде абдан терең бир маани бар. Жакшы жар — күйөөсүн өзүнө баш ийдирген аял эмес, анын жакшы сапаттарын ойготкон мээримдүү жар. Бирок мындай, үй-бүлөнүн жүгүн көтөрүү милдети аялга эле жүктөлбөйт.

Веда адабияттарына ылайык эркектин да үй-бүлөсүнүн алдында чоң жоопкерчилиги бар. Аялды урматтоо, ага кам көрүү, үй-бүлөнүн тынчтыгын сактоо — анын да жоопкерчилиги.

Манусмрити 3.60та үй-бүлөлүк бакыттын маанилүү шарттарынын бири катары күйөөсү аялына, аялы күйөөсүнө ыраазы болуп жашашы керектиги тууралуу айтылат. Демек, маселе: «Аял эркекти ийгиликке жеткиреби?» деген суроодо эмес. Мындан да тереңирээк башка суроо бар: «Экөө бири-биринин жашоосун кандайча жакшы жакка өзгөртө алат?»

  • Аялдын ишеними эркекке дем-күч бере алат. 
  • Эркектин ишеними аялга күч бере алат. 
  • Аялдын мээрими үйгө жылуулук алып келет. 
  • Эркектин жоопкерчилиги үйгө туруктуулук алып келет.
  • Ал эми экөө тең бири-бирин урматтап, туура жолдо колдосо — үй-бүлөдө өзгөчө күч пайда болот.

Бирок төмөнкүдөй акыйкат формулаларыдын бар экендигин унутпоо керек:

  • Аялдын ишеними эркектин ордуна аракет кылбайт.
  • Жылуу сөз адамдын ордуна эмгектенбейт.
  • Сүйүү адамдын ордуна жоопкерчилик албайт.
  • Ар бир адам өз милдетин өзү аткарышы керек.

«Адам өзүнүн милдетин так аткарып, бардык нерсенин булагы болгон Жаратканга берилсе - кемелдикке жетет».

— Бхагавад-гита, 18.46.

Ошондуктан жакшы аял — күйөөсү үчүн жашоонун бардык жүгүн көтөрүп алган аял эмес. Жакшы күйөө — аялын бардык кыйынчылыктан «куткаруусу» керек болгон адам эмес. Экөө тең өз милдеттерин так аткарып, ошол эле учурда бири-бирине күч бергенде үй-бүлөнүн пайдубалы бекем болот.

Балким, бизге кээде кандайдыр бир кеңеш эмес, ишеним жетишпейт? Эркек жумуштан үйгө чарчап келгенде, аны сындаган адам эмес, аны түшүнгөн, мээримдүү жар күтүп турса кандай жакшы болот?

Аял чарчап турганда, анын кемчилигин издеген күйөө эмес, «Сен үй-бүлөдөгү көп нерсенин жүгүн көтөрүп жүрөсүң, мен жаныңдамын сулуум» деген сөздү укса кандай жакшы болот?

Кээде адамга чоң жардам берүү үчүн көп нерсенин кереги жок: бир жылуу сөз, бир аз сабыр, бир аз ишеним, бир аз мээрим жетиштүү.

Үй-бүлөнүн берекеси байлыктан эмес, туура, жылуу мамиледен башталат. Үйдө бири-бирин басынтуу үстөмдүк кылса — байлык да тынчтык алып келбейт. Ал эми өз ара урмат, мээрим жана ишеним болсо — кыйынчылык да жеңилирээк өтөт.

Ведалардын бул жерде бизге бере турган сабагы абдан терең: жолдошуңду өзгөртүүгө аракет кылуудан мурда, анын жашоосуна өзүң кандай таасир берип жатканыңды кара.

  • Сенин сөзүң ага күч берип жатабы?
  • Сенин мамилең анын жүрөгүнө тынчтык берип жатабы?
  • Ал эми сен анын жанында өзүңдү коопсуз жана бааланган адамдай сезесиңби?

Эң бийик максат — бири-бирин эле эмес, өзүн да Кудайга жакындатуу.

Үй-бүлөнүн максаты байлык, мансап же коомдогу аброй менен гана чектелбейт. Бхагавад-гита адамдын иш-аракетин Жаратканга багыттоо аркылуу руханий кемелдикке жетүү жөнүндө үйрөтөт. Ошондуктан жубайлардын эң сонун мамилеси мындай болушу мүмкүн: «Сен мен үчүн гана эмес, Кудайга жакындашың үчүн да жакшы адам болушуңду каалайм.»

Ал эми: «Мен сенин жашооңдогу тоскоолдук эмес, жакшы сапаттарыңды ачууга жардам берген жарың болоюн» деген ниет - аял эркектин «көмөкчүсү» эле эмес, эркек аялдын «камкорчусу» эле эмес, экөө — бири-бирин руханий жактан өстүргөн шериктерге айланат.

Чыныгы сүйүү — «сен мага эмне бере аласың?» деп суроо эмес — «мен сенин жашооңо кандай жакшылык алып келе алам?» деген суроо. Ошондо үй-бүлөдөгү береке, бакыт дал ушул жерден башталат.

#vedakg_kyrgyzcha #vedaKG #Веда #үйбүлө #үйбүлөлүкбаалуулуктар #күйөөаял #сүйүү #мээрим #урмат #руханийөнүгүү #Кыргызстан

Поделиться

Комментарии

Комментарий публикуется сразу. Будьте уважительны.

Пока нет комментариев — будьте первым.