Аялдын бакыт кудугу: Эркектен эмнени күтпөө керек?

Бирок аялзаты бир сырды билбейт: эркек, андай милдет анын колунан келбестигин ички туюму (интуициясы) менен сезет.

Бакыттын 10 пайызы

     Эркек киши канчалык аракет кылбасын, аялдын бакыт кудугун 10% гана толтура алат. Ал эми аял аны 100% толтурат деп күтө берсе, күндөн-күнгө анын ачулануусу күчөй баштайт. Ал дайыма: "Бул адам качан мени бактылуу кылат экен?" — деп күтүү менен убара болот.

Бирок аялзаты бир сырды билбейт: эркек, андай милдет анын колунан келбестигин ички туюму (интуициясы) менен сезет. Ошондуктан аял өзүнүн бакыт кудугун эркекке такыр тиешеси жок башка булактардан толтурууга өзү кам көрүшү керек.

Бакыттын башка булактары 

  • Жылуу баарлашуу жана конокко баруу мүмкүнчүлүгү.

  • Курбуларынын мээримин сезүү.

  • Улуу энелердин акыл-насаатын жана мээримин көрүү.

  • Кимдир бирөөлөр менен жалпы кызыкчылыктарга ээ болуу.

  • Жөнөкөй, ышкыбоздук деңгээлде болсо да, ар кандай өнөрчүлүктү үйрөнүү ж.б.

Ар бир аялзаты турмушка чыкканга чейин сөзсүз үйрөнүшү керек болгон бүтүндөй бир илимдер бар.

Никедеги "ачарчылык" жана анын кесепети

    Турмушка чыга элек кыздар кандайдир бир өнөрчүлүктү же жолдошунун ишине кызыгуусу болбосо, мага керектүү бакытты  жолдошум бериши керек деген үмүт менен жашайт. 

Бирок бул жерде бир чоң ката бар — мындай кутүү эркек үчүн өтө оор жана кыйратуучу болуп саналат.

Аял киши кайсы бир жазуулардан билим алып, ошол укуктарына таянып жолдошун жөн гана кыйнап, алган билимин  кысымга алуунун (террордун) куралы катары колдонушу мүмкүн. Балким, ал күйөөсүн кыйнап жатам деп ойлобойттур, бирок анын баштапкы идеясы жана максаты туура эмес. Ал турмушка чыккан аялга тиешелүү болгон бардык бакытты бир гана эркектен алышым керек деп эсептейт. Анткени ал турмуш курганга чейин бакытты кайдан алуунун жолдорун билген эмес.

Ошондуктан бешенеге жазылган тагдырды эркин кабыл алуу менен, жолдошунун мүнкүнчүлүгүнө карап, ар кандай нерселерди өзүнүн кызыкчылыгы үчүн талап коюудан баш тартышы керек. Антбесе ортодогу мамилелер убакытын өтүшү менен сууй баштайт.

Р. А. Нарушевич

Комментарийлер

Комментарий дароо жарыяланат. Урматтоо менен жазыңыз.

Азырынча комментарий жок — биринчи болуңуз.