Акылдын сырлары: Келечекти кантип жаратабыз?

«Сыр» («Секрет») тасмасын көрдүңүз беле? Эгер көрө элек болсоңуз көрүңүз деп сунуштайм, бул тасмада акыл-эстин жардамы менен өз келечегибизди жаратуунун сыры айтылат.

Эң жөнөкөй постулат – акылыбыз эмне менен алек болсо, ошол нерсе жашообузда ишке ашат. Жашообуздун кайсы бир тармагына, же кандайдыр бир буюмга, кубулушка канчалык көп көңүл бурсак, акылыбыз ал жөнүндө ошончолук көп ойлонот, ал эми ойлор келечекти жаратат. Биз эмне жөнүндө ойлонсок, ошону өзүбүзгө тартабыз.

«Сыр» («Секрет») тасмасын көрдүңүз беле? Эгер көрө элек болсоңуз, сунуштайм, бул тасмада акыл-эстин жардамы менен өз келечегибизди жаратуунун сыры айтылат.

Мисалы, эгер сиз сүрөтчү болгуңуз келсе, сүрөт галереяларына, көргөзмөлөргө барасыз, интернеттен сүрөттөрдү көрөсүз, кооз эмгектердин авторлору менен баарлашасыз, жаш сүрөтчүлөрдүн чөйрөсүнө катталып, үйрөнө баштайсыз... Сиздин акылыңыз бүт маалыматты өзүнө сиңирип, аны талдап, жыйынтык чыгарат, каалоолорду жаратат, пландарды түзүп, аларды реалдуулукта ишке ашырууга аракет кылат, сиз ал темага канчалык терең кирип, акылыңыз тигил же бул чөйрөгө канчалык көп бурулса, ал сиздин реалдуу жашооңузда пайда болуп трансформация боло баштайт.

Элибизде «Казанга жакын болсоң карасы жугат, жаманга жакын болсоң залалы жугат» деген байыркы акылман сөз бар. Ошондуктан акылман адам өзүнүн акылын (чөйрөсүн) көзөмөлдөйт — ал жаман адамдар менен баарлашуудан качат же алар менен сүйлөшүүнү чектөөгө аракет кылат. Ал кайсы темаларда сүйлөшпөө керектигин билет, анткени акылды терс (негативдүү) сөздөргө толтуруп алганда, адам терс эмоцияларды сезе баштайт (ойлор менен эмоциялар өз ара байланыштуу), ал эми акылман адамга терс нерселердин казанында кайноонун эмне кереги бар?

Акыл-эс жана маалымат

Акыл-эс-биздин күнүмдүк жашообузда чогулткан материалдан куралат, ал эми бул материал акылга сезүү органдары аркылуу кирет. Бул өзгөчө көрүү жана угуу сезимдерине тиешелүү, башка сезүү органдарыбыз да албетте  биздин жашообузга таасирин тийгизет— жыт, даам, сезүү.... балким, азыраак деңгээлдедир.

Ошондуктан, акылыбызга «кирип жаткан» нерселерди көзөмөлдөө менен биз «чыгып жаткан» нерсени, б.а., өз жашообузду көзөмөлдөйбүз — бул келечекти жаратуунун жөнөкөй жана маанилүү сыры.

Өзүбүзгө жакшы, позитивдүү келечекти жаратуубуз үчүн, өз акылыбызды бизге тикелей тиешеси жок терс жаңылыктардан, ушак-айыңдардан, жаман сөздөрдөн, маанисиз сүйлөшүүлөрдөн, саясаттан, уруш-талаштан жана башка ушул сыяктуу "таштанды сөздөрдөн" коргошубуз керек. Келечекти куруу үчүн акылыңызга позитивдүү жана бийик (рухий) курулуш материалдарын бериңиз, ошондо жашооңуз кандайча жакшырып баратканын байкайсыз. Жашооңуздан терс баарлашуулар, жаман адамдар, маанисиз иштер жана зыяндуу адаттар бара-бара жоголуп, акылыңызда бейпилдик жана тынчтык орноп, жашооңуз алда канча жеңил, тынч жана кубанычтуу болуп калганын көрөсүз.

Байкоо салуунун күчү

Акыл-эс башка адамдардын жашоосун кантип куруп жатканына байкоо салыңыз — бул байкоо өзү эле күчтүү терапиялык натыйжа берет жана жашооңуздан бардык керексиз, терс нерселерди алып салып, аны өзгөртүү сизге жеңилирээк болот. Өзүбүзгө, өз акылыбыздын иш-аракетине байкоо салуу да дал ушундай эле пайдалуу.

Акыл-эс реалдуу жашоого таасирин тийгизип жатканын түшүнгөндөн кийин, сиз адамдын учурда эмнеге кызыгып, эмне жөнүндө сүйлөп, эмнени угуп, эмнени көрүп, жана эмне жеп, эмне ичип жатканын көрүп, ким менен иш алып барып жатканына байкоо салуу менен анын келечегин алдын ала айта аласыз.

— С. Серебряковдун «Акыл сырлары» лекцияларынын негизинде.

Поделиться

Комментарии

Комментарий публикуется сразу. Будьте уважительны.

Пока нет комментариев — будьте первым.