Заманбап интернет мейкиндигинде күн сайын ата-энени кечирүүгө, «мен миллионермин» деп сансыз кайталоого үндөгөн же тез арада байып кетүүнү убада кылган курстар каптап кетти. Баасы асман чапчыган, бирок реалдуу турмушта эч кандай практикалык натыйжа бербеген мындай «инфоцыгандык» мамилелер адамдын убактысын, акчасын гана албастан, руханий адашууга да алып келет.
Ал эми мындай көрүнүштөргө веда философиясынын жана веда психологиясынын көз карашы менен карасак, бардык көйгөйлөрдүн түпкү тамыры жана аларды чечүүнүн чыныгы жолдору таптакыр башкача ачылат. Төмөндө заманбап психология менен веда илиминин ортосундагы айырмачылыктар жана веда философиясынын терең маңызы тууралуу кеп кылабыз.
1. Заманбап психология жана «инфоцыгандык» агымдар: көйгөйлөр жана сырткы форма
Бүгүнкү күндөгү интернет желесинде желдей тарап жаткан популярдуу психологиялык трюктар көбүнчө инсандын эгосун (менменсинүүсүн) канааттандырууга жана материялык ийгиликке жетүүнүн тез жолдоруна басым жасайт:
-
Сырткы аффирмациялар: «Мен баймын», «Мен бактылуумун» деп күзгүгө карап кайталоо менен ички дүйнө өзгөрбөйт. Эгер адамдын жүрөгүндө көз карандылык, текеберлик же ички боштук болсо, ал жөн гана сөз айтуу менен турмушу оңолуп кетпейт.
-
Үстүртөн мамилe («Ата-энеңди кечир»): Ата-энени кечирүү — бул туура жана маанилүү процесс. Бирок аны жөн эле тренингдердеги механикалык көнүгүү же мода катары жасаганда, көйгөйдүн кармалык жана руханий себептери чечилбейт.
-
Материялык көз карандылык: Бул курстардын негизги максаты — адамды рухий жактан өстүрүү эмес, материалдык байлыкка жеткирүү же убактылуу эйфория тартуулоо же ар түрдүү психологиялык трюктарды окутумуш болуп акча табуу.
2. Веда илимдеринин негизиндеги психологиянын өзгөчөлүктөрү: Жан тууралуу илим
Ведалар (байыркы руханий билимдер) адамды жөн гана дене же мээ катары эмес, адамдын ичиндеги түбөлүктүү Жан (Атма) катары карашат. Веда психологиясында бардык көйгөйлөр адамдын ички руханий табиятын жана космостук мыйзамдардын (Дхарманын) гармониясын бузгандыгынан улам келип чыгат деп түшүндүрүлөт.
Веда философиясынын негизги өзгөчөлүктөрү:
-
«Мен киммин?» деген суроодон башталган өзүн-өзү таануу.
Заманбап психология адамдын социалдык «менин» дарыласа, ведалык психология жандын баштапкы табиятын — анын түбөлүктүү экенин, билимге жана бакытка умтулуу өзгөчөлүгү бар экенин ачыктап берет. Инсан өзүнүн ким экенин түшүнгөндө гана сырткы жагдайларга көз каранды болбой калат.
-
Карма жана жоопкерчилик мыйзамы.
Веда илимдери биздин тагдырыбыз кокустан эле жаралып калбаганын, ар бир ойдун, сөздүн жана аракетибиздин кесепети (кармасы) болорун үйрөтөт. Башкаларды: досторубузду, санаалаштарыбызды, туугандарыбызды же ата-энебизди айыптабай, ар бир кырдаалды өзүбүздүн мурда жасаган же азыркы учурда жасап жаткан туура эмес иш-аракеттерибиздин мөмөсү катары кабыл алып, тагдырыбыздын түпкү себептеринен тазалануубуз керектигин айтат.
-
Ички жан дүйнөбүздүн тынчтыгы жана жогорку күчкө таянуу.
«Мен миллионермин» деп кыйкыруу менен байлык келбейт. Ведалар эмгекти сүйүүгө, өз милдетин (дхармасын) чын ниеттен аткарууга жана натыйжасын Жаратканга тапшырууга чакырат. Чыныгы молчулук, ырыскы жана береке жан дүйнөбүздүн тазалыгынын натыйжасында келүүчү канааттануудан башталат.
-
Ата-энеге болгон ыраазычылык — аларды терең урматтоо аркылуу.
Веда философиясында ата-эне бул — бул жашоодо биздин тагдырыбыздын жол көрсөткүчтөрү. Аларды жөн гана мода үчүн кечирүү эмес, аларга кызмат кылуу, урмат көрсөтүү жана таазим этүү адамдын кармалык түйүндөрүн чечип, жашоосун оңдойт.
Корутунду
Азыркы «кылт эткендин баары миллионер болуу» жомокторуна алданбай, ар бир нерсенин түпкү маңызына үңүлүү зарыл. Чыныгы психологиялык жана руханий өсүү — бул тез байып кетүүнүн сыйкырдуу таякчасы эмес, бул күн сайын өзүнүн мүнөзүн, ой жүгүртүүсүн жана ниеттерин тазалоо үчүн жасалган эмгек.
Веда философиясы бизге сырткы жаркылдаган куру сөздөргө алданбай, ички дүйнөбүздүн гармониясын табууга, табият мыйзамдары менен шайкеш жашоого жана жан дүйнөнүн чыныгы эркиндигине жетүүгө жол көрсөтөт. Чыныгы байлык — бул жан дүйнөбүздүүн бейкуттугу жана жашообузга болгон ыраазычылык сезими.
Комментарии
Пока нет комментариев — будьте первым.