Убакыт деген эмне?

Убакыт деген эмне?

Убакыт – бул адамдарга, үйлөргө, өлкөлөргө, планеталарга жана бүткүл ааламга өз мөөнөтүн ченеп берген өзгөрүлгүс күч. Адамдын же өлкөнүн жашоо мөөнөтүн ведалык гороскоп түзүү аркылуу билүүгө болот. Ал эми үйдүн

Убакыт деген эмне?

Убакыт – бул адамдарга, үйлөргө, өлкөлөргө, планеталарга жана бүткүл ааламга өз мөөнөтүн ченеп берген өзгөрүлгүс күч. Адамдын же өлкөнүн жашоо мөөнөтүн ведалык гороскоп түзүү аркылуу билүүгө болот. Ал эми үйдүн жашоо мөөнөтүн «васту-шастра» илиминин формулалары менен эсептеп чыгууга болот. Ааламдын жашоо мөөнөтү ыйык жазууларда – Веда адабиятарында  так айтылган. Кандай гана мөөнөт болбосун, ал биз үчүн Кудайдын күчүн чагылдырган карма мыйзамдары менен аныкталат, демек, өз мөөнөтүңдү токтотуу же андан качып кутулуу мүмкүн эмес.

Убакыт – эң мыкты дары

Сүйлөөдө, уйкуда, сергектикте жана дененин башка муктаждыктарын канааттандырууда тартиптин болушу материалдык азаптарды азайтат. Ал эми адам өз акылын тартипке келтиргенде – ал йогго айланат, башкача айтканда, рухий практика менен алектенет.

Дары чөптөрдү чогултуу, убагында жасалган дарыны кабыл алуу  ... (ирмем, секунд, мүнөт, саат, күн, жума ж.б.) чөптүн касиетин күчөтөт. Өз убагында ичилбеген же жыйналбаган чөп пайда алып келбейт. Дарыгер дарыны ичүү жана аны чогултуу убактысын так билиши керек. (Аштанга Хридаям)

Негизинен адам менталдык (психикалык) тынчсыздануулардан (ачуулануу, нааразычылык, начар мамилелер) улам ооруйт. Бирок ал өзүнүн ачуусун чыгарууну бир аз убакытка жылдыра турса, көпчүлүк учурда өзүнөн-өзү эле тынчтанып калат. Өзгөчө үй-бүлөдөгү чыр-чатактарды кийинкиге калтыруу абдан маанилүү – бул көйгөйлөрдүн көбүн чечет.

Убакыт бизди бул дүйнөнүн кожоюну болуу деген иллюзиялык (алдамчы) каалоодон айыктыруу үчүн берилген, ошондуктан ал биздин бардык пландарыбызды бузат, атүгүл убакыттын канчалык кымбат экендигин да байкабай калышыбызды башкарат. Адам Кудайды тааныбай калганда ,Кудай ага өлүм алдында убакыт формасында көрүнөт.

Сабырдуулук

Үй-бүлөнүн бекемдиги – бул сабырдуулук. Ажырашуунун алдын алууну сабырдуулук менен гана чечүүгө болот, ал эми балдардын тентектигине биз жөн гана чыдоого мажбурбуз. Сабыр кыла билүү – бул өзгөртүүгө мүмкүн эместей сезилген нерселерди убакыттын жардамы менен дарылоо искусствосу, убакыт бардыгын өзгөртөт, ошондуктан сабыр кылганды билген адам абдан күчтүү жана дени сак болот.

Адамдын сабырдуулукка болгон жөндөмү өзгөчө карыганда билинет. Ал анын аң-сезиминин канчалык бийик экендигинен көз каранды.

  • Эгерде адам рухий илимдерди практика жүзүндө аткарып жүргөн болсо, анда ал карыганда сабырдуу болуп, айыккыс ооруларды жана өлүмдүн өзүн да жеңил көтөрө алат.

  • Эгерде адам рухий жактан өнүкпөсө, анда карылык чыдагыс жана коркунучтуу болот, ошондуктан ар бир адамга руханий жактан өнүүгү маанилүү экендигин эскертүү зарыл.

Адам, жашоосундагы жакшы жана жаман учурларын анын өткөн кездеги кылган жакшы жана жаман иштерине байланыштуу экенин түшүнгөндө гана толук кандуу сабыр кыла алат. Мындай сабырдуулук толук кандуу тазалоочу касиетке ээ, жана денедеги, ошондой эле психикалык, менталдык  деңгээлдеги бардык оорулардан айыктыра алат. Эгерде, адам, болуп жаткан азаптардан өзүнүн күнөөсүн көрбөсө, анда бул сабырдуулук эмес, мындай жасалма сабырдуулук эч кандай тазалоочу касиетке ээ эмес.

Туура сабырдуулук, адам тегеректеги кишилерге жакшы мамиле кылып, адамдар менен жакшы маанайда болуга умтулушу керек (бул айыгуунун белгиси). Мисалы, сиз аялдамада автобус күтүп туруп, жүрөгүңүздө айдоочуга карата ачуулануу пайда болсо, анда мындай күтүү сизге ооруларды алып келет. Ал эми себебин өзүңүздөн издесеңиз, мындай күтүү дарылык касиетке ээ болуп, адам автобусту ачуулануу менен эмес, Кудайдан келген табигый дары катары чоң кубаныч менен тосуп алат.

Убакытты кабыл алуу

Убакыт дөңгөлөгү 12 айдан, 360 күндөн, 6 мезгилден жана чексиз сандагы жалбырактардан (ирмемдерден) турат. Бул жашоонун жалпы циклдик мүнөзүн билдирет.

Убакыт адамдын кабыл алуусунан көз каранды:

  • Материалдык деңгээлде: Убакытты кабыл алуу негизинен адамдын канча жашаганына байланыштуу. Эгер ал 5 жашта болсо, анда кийинки жыл анын жашоосунун 1/5 бөлүгү катары кабыл алынып, өтө узакка созулгандай сезилет, бирок сизге 60 жаш болсо, кийинки жыл жашооңуздун 1/60 бөлүгүн гана түзөт, ошондуктан карыганда жылдар тез өтөт. Бул нерсе– адамдын жашоосундагы максатын ишке ашырууга шашылуу керек экендигин эскерткен белги.

  • Рухий деңгээлде: Убакыттын күчүнө болгон мамилебизден көз каранды. Убакыт – бул жашоонун мыйзамы жана ар кандай мыйзам сыяктуу эле өзүнө карата сый-урматты талап кылат.

Убакыт мыйзамын сыйлабоо жана кабыл албоо көйгөйлөргө, азаптарга жана кулчулукка алып келет, ал эми мыйзамдарды сактоо эркиндикке жеткирет. Кылмышкер мыйзамды бузганы үчүн түрмөгө түшүп, эркиндигинен ажырагандай эле, кылмышкер кайрадан өзүн туура алып жүрө баштаганда бошотулуп, азаптардан арылат.

Ушул мыйзамга ылайык, эгер бир нерсе өз убагында жасалбаса, адам алсырап, ооруп калат. Ал эми күн тартибин сактай баштаса, күч-кубатка толуп, айыгат. Демек, эркин болуу – бул «эмнени кааласам, качан кааласам ошону кылам» дебестен, күндөлүк тартип (расписание) менен жашоо керек.

Адам организмин иштетүү боюнча колдонмо

Ар бир механизм үчүн атайын колдонмо (инструкция) бар. Аны билмейинче, ал механизмди туура иштетүү мүмкүн эмес, ал сөзсүз мөөнөтүнөн мурда бузулат. Ошондой эле, биздин дене үчүн да туура, дени сак өмүр сүрүүгө колдонмо бар. Бул колдонмо Ведаларда сүрөттөлгөн жана туура пайдаланганда адам 120 жашка чейин жашай алат деп айтылат.

Адамдын организми табигый түрдө Күн башкарган биологиялык саат менен байланышкан. Биз Күндү көрүп турсак да, көрбөсөк да, анын энергиясы биздин организмге кирип, аны көзөмөлдөп турат. Демек, өзүнчө жаңы колдонмо ойлоп таппастан, өз организмибизди иштетүүгө жоопкерчилик менен мамиле кылуу зарыл. Кандай гана жаңы метод болбосун, колдонмону (инструкция для организма) өзгөртүү болбосун, ал адамдын өмүрүн кыскартып, көптөгөн көйгөйлөрдү алып келет.