Салт-санаа жана адамдын аң-сезими

Салт-санаа жана адамдын аң-сезими

Салт-санаа — бул абдан таң калыштуу, пайдалуу жана керектүү, акылмандуулукка жана тереңдикке бай көрүнүш. Алар жөн жерден эле пайда болгон эмес

Мага көп жазышат: "Эгер сиздер айткан салттар ушунчалык сонун болсо, анда эмне үчүн адамдар алардан баш тартып жатышат?"

Салт-санаа — бул абдан таң калыштуу, пайдалуу жана керектүү, акылмандуулукка жана тереңдикке бай көрүнүш. Булар жөн жерден эле пайда болгон эмес, алардын мааниси өтө терең. Бирок... Бардык нерседе жана дайыма, эң негизгиси — ал салтты колдонуп жаткан адамдын аң-сезими жана ниети маанилүү. Анын баалуулуктары жана мүнөзү маанилүү.

Мисалы, бир атанын сулуу кызы бар дейли. Жана күйөөнү атасы тандайт деген салт бар. Мындан аркысынын баары атанын аң-сезиминен көз каранды. Анын баалуулуктарынан жана ички тандоосунан. Эгерде ал кызынын бактысын ойлосо, анда кимди тандайт? Кызы ким менен бактылуу боло алса, дал ошол адамды. Мүнөзү, темпераменти, табити окшош, курагы тең адамды. Жалкоолорду, зордукчулдарды жана башкаларды четтетет. Жылдыз төлгөсүн карайт, кызы менен сүйлөшөт, ага өз каалоосун айтууга укук берет.

Ал эми атасы оңой акча, атак-даңк, даража же дагы башка нерсени кааласачы? Анда ал кызын ушул нерселердин баарына алмашып (сатып) жиберет. Үч эсе улуу киши кызын бактылуу кыла албасын, жашоого болгон көз караштары дал келбесин жана балким, ал кызын сабап кордой турганын ичинен билип турса дагы ушинтип жасайт. Анткени анын акчага же даңкка болгон сүйүүсү кызына болгон сүйүүсүнөн күчтүүрөөк.

Аялдарды зыян келтирүүчү нерселерден коргоо — ниети бузук адамдардын колунда дискриминацияга айланат. Анда аялды буюм катары көрүшүп, каалоолорун эске албай, жөн гана пайдаланышат. Бирок, эгер бул салтты аң-сезими таза адам колдонсо — андан баары пайда табат. Аялдар бейпилдикте жана эркиндикте болуп, эркектерге көбүрөөк мээрим бере алышат. Алардан эч нерсени күч менен, мажбурлап талап кылуунун кажети жок болот. Баары кубанычта жашашат.

Анда маселе салттабы? Же ал салтты колдонуп жаткан адамдын аң-сезиминдеби? Салт-санаа ичи бузук, кемчилдиктерге толгон адамдардын колунда куралга айланат. Маселен, Индиядагы алгачкы варна (төрт катмар) системасында бардыгы бири-бирин сыйлап, ар ким өз ордунда болгон. Бирок кийинчерээк ал касталык системага айланып, бирөө жогору, башкасы төмөн деп бөлүнүп калган. Ошондой эле, чоң себи бар колуктуларды гана издеп, кыздардын ата-энелерин коркутуп-үркүткөн учурлар да болгон. Мындай мисалдарды чексиз келтирсек болот.

Кир жана бузук аң-сезим кандай гана нерсени же идеяны болбосун өзүндөй кирдетет, мындай нерсе кайсы бир элдин салт-санаасы, динден же башка нерседен көз каранды эмес. Мындай аң-сезим азыркы учурда бардык жерде кездешет. Заман ушундай, деградация (рухий төмөндөө) заманы. Ошондуктан салттар унутулуп баратат. Анткени салттардын эң негизги өзөгү — аны колдонуп жаткан адамдардын аң-сезиминин тазалыгына байланыштуу болуп, толук сакталса гана алар жакшылык алып келет.

Эгерде ата-энелер өздөрү туура эмес жашоо образын өткөрүп, балдарын сыйлабаса, аларга кам көрбөсө, кийлигишпөө керек болгон жерге кийлигише берсе, анда алардын айтканын кантип кыңк этпей аткарууга болот? Илгери балдар ата-энесинин тилин алышкан, бирок ата-энелер да тубаса жыгач уста боло турган уулунан юрист болууну талап кылышкан эмес. Балдарына арак ичирип, бетине чаап, басмырлашкан эмес. Ал эми аң-сезими таза, акыл-эстүү ата-эненин тилин алуу — абдан жеңил жана бул үчүн эки тараптан тең ашыкча күч-аракет талап кылынбайт. Анын үстүнө мындай ата-эне менен жашоо — жеңил жана пайдалуу.

Жакшы нерсе, пайданын ордуна зыян алып келиши да мүмкүн. Бул аң-сезимге жана ички маанайга жараша болот. Дал ушулар баарын чечет, эгер баарын болбосо да, көп нерсени чечет. Веда маданиятынан көптөгөн идеяларды алып, аларды өз пайдасы жана кызыкчылыгы үчүн бурмалаган Гитлерди эске салсак болот. Мунун аягы эмне менен бүткөнүн баары билишет.

Электр кубаты менен болгон мисал абдан таамай — ал бирөөнүн колунда жакшылыкка кызмат кылса, башкасынын колунда өлтүрөт. Салттар да дал ушундай. Эгерде адамдарда жакшы инсандык сапаттар жок болуп, тескерисинче, кемчилдиктер өтө көп болсо, салттар башкаларга азап тартуулоочу куралга айланат.

Ошондо адамдар маселенин баары салтта экен деп ойлошуп, алардан баш тартышат. Ушул эле көйгөйлөрдү жасалма жол менен — эрежелерди жана мыйзамдарды иштеп чыгуу аркылуу чечүүгө аракет кылсак болот, бирок көйгөй баары бир кала берет, анткени бул — адамдардын аң-сезиминин көйгөйү, жана салттар канчалык азайган сайын, аң-сезим ошончолук бузулат. Тилекке каршы, бул чындык. Азыркы учурда аялдарды мыйзамдар менен бардык тараптан коргоого канчалык аракет кылбасын, мындан аялдар бактылуураак болуп кеткен жок, үй-бүлөлөр да мындан эч нерсе пайда тапкан жок.

Ошондуктан салттарды гана кайра жандандырбастан, өзүбүздүн аң-сезимибизди да тазалообуз керек. Ошондо үйүңүздөгү бардык салттар ал жерде жашагандардын баарына жакшылык алып келет. Ооба, өзүңдүн жүрөгүңдү өзгөртүү, бүткүл дүйнөнү өзгөртүүдөн алда канча кыйын!