Материалдык дүйнөнүн үч гунасы

Веда билимдерине ылайык, бүткүл материалдык дүйнө гуна деп аталган үч баштапкы энергиядан (күчтөн) турат. Санскрит тилинен которгондо «гуна» сөзү «аркан», ал эми кеңири мааниде «касиет» же «сапат» дегенди билдирет.

Гуналар төмөнкүчө бөлүнөт:

  • Саттва – жакшылык (благость)

  • Раджас – кумарлануу (страсть)

  • Тамас – наадандык, сабатсыздык (невежество)

Ар бир гуна өзүнө ылайык түскө ээ: саттвага – сары, раджаска – кызыл, тамаска – көк түс таандык. Бул түстөр бири-бири менен айкалышып, биз көрүп турган бардык түстөрдү жараткандай эле, бири-бирине айкалышып гуналар да бул дүйнөдөгү бардык формалардын, түстөрдүн, сапаттардын жана касиеттердин ар түрдүүлүгүн жаратат. Бул үч касиет бардык нерселердин табиятына сиңген: адамдарда, сүйлөөдө, тамак-ашта, ж.б.

Убакыттын өтүшү менен гуналар мындайча байкалат: ар кандай нерсе адегенде жаралат (раджас), андан кийин белгилүү бир убакыт жашайт (саттва), аягында жок болот (тамас).

Материалдык дүйнөдө жашоо үчүн бардык гуналар керек.

  • Раджас – жаратуу, аракет кылуу үчүн зарыл.
  • Саттва – жаратылганды сактап туруу үчүн.
  • Ал эми тамас – өз убагы келгенде ал нерсенин жашоосун токтотуу үчүн керек.

Мисалы, үй куруу үчүн активдүүлүк, каалоо, башкача айтканда раджас керек. Үй курулуп бүткөндөн кийин аны дайыма карап, оңдоп туруу кажет (саттва), анткени убакыт жана сырткы таасирлер аны баары бир талкалайт. Андан кийин, турак жай эскирип, жараксыз абалга келгенде, жаңысын куруу үчүн эскисин бузуу керек (тамас).

Өзүнүн таза абалында ар бир гуна төмөнкү сапаттар менен мүнөздөлөт:

  • Саттва: өзүн-өзү таануу, шыктануу, бейпилдик, өзүн кармай билүү, боорукердик, эркиндик, ички бакыт, билим.

  • Раджас: керт башынын пайдасын көздөө, кумарлануу, текебердик, эки жүздүүлүк, атаандашуу, көрө албастык, өзүмчүлдүк, тынчсыздануу, нааразычылык, каалоолор, жыргалга батууну көксөө, тез өтүп кетүүчү «бакыт».

  • Тамас: жалкоолук, уйкучулук, акмактык, иллюзия (алдануу), көңүл чөгүү, кайгы, акылсыздык, наадандык, азап чегүү.

Ошол эле учурда, жашоодо аларды бири-биринен бөлөк, таза түрүндө кездештирүү өтө кыйын, көбүнчө биз алардын аралашмасын көрөбүз. Мисалы, чоң шыктанууну (жакшылык гунасы) жана ошол эле учурда текебердикти, атаандаштыкты, нааразычылыкты (кумарлануу гунасы) көрсөткөн, бирок ошону менен бирге азап чеккен (наадандык гунасы) адамдар кездешет.

Гуналар жана адамдын тагдыры

Материалдык дүйнөнүн гуналары жөнүндөгү билим — бул дүйнөнү түшүнүүнүн жана өзүн-өзү таануунун негизи. Эгерде кайсы бир адамдын кайсы гунанын таасиринде жашап жатканын түшүнсөк, анын келечек тагдырын алдын ала айтууга болот.

Веда адабияттарында мындай деп айтылат: наадандык (тамас) гунасынын таасири астында жасалган иштердин баары азап алып келет. Бул адамдардын иллюзияда (алданууда) болгондугунан улам келип чыгат: аларда кантип туура иш кылуу керектиги жөнүндө билим жок жана ушул билбестиктин айынан аларга бир гана азап келет. Алардын бүт жашоосу артта калган тагдырын эстөө менен өтөт. Алар ушул жерде жана азыркы учур менен жашашпайт — мурдагы жашоосун эске салып жашашат. Демек, бардык күчүн жана убактысын текке кетиришет. Көбүнчө мындай адамдар депрессияда болушат.

Кумарлануу (раджас) гунасынын таасири астында жасалган иштер алгач кубаныч алып келет, андан кийин азапка айланат. Раджас гунасындагы адамдар өз каалоолорун ишке ашырууну өтө катуу эңсеп, өзү байкабастан учур чакта жашашпайт: анын бүт бактысы келечек менен, жасаган иштеринин натыйжаларынан кантип ырахат аларын эңсөө менен өтөт. Бирок анын күткөн үмүттөрү тагдыр тартуулаган нерселер менен сейрек дал келет, натыйжада азап тартат. Муну өзгөчө максатына жетүү үчүн кара терге түшүп иштеген адамдар көп сезишет.

Ал эми жакшылык (саттва) гунасынын таасиринде жасалган иштер алгач кыйынчылыктарды алып келет, андан кийин гана — бакыт тартуулайт. Саттва гунасынын таасиринде жашаган адамдар эртеңки күн жөнүндөгү кыялдар же өткөн убакыттын эскерүүлөрү менен убара болушпайт. Алар «ушул жерде жана азыр» жашашат, ошондуктан алар бактылуу. Көбүнчө булар өз ордунда, өз табиятына ылайык иштеген, жөнөкөй жана өздөрүнүн жаратылышына туура келбеген иштерге умтулбаган адамдар болушат.

Веда адабиятында материалдык дүйнө гуналарга баш ийери айтылат. Бул дүйнөдө бир нерсеге жетүү үчүн, биздин иш-аракетибиз кайсы гунанын таасиринде экенин түшүнүшүбүз керек. Бул ошол иштин натыйжаларын так алдын ала билүүгө жардам берет.

Комментарии

Комментарий публикуется сразу. Будьте уважительны.

Пока нет комментариев — будьте первым.