Ата-энелер кетирген негизги ката — бул өз сүйүүсүн жана мээримин баланын эмне менен алектенип жатканына (же алектенбегенине) көз каранды кылып коюу.
Тагыраак түшүндүрөйүн:
"Эгер оюнчуктарыңды жыйнабасаң, мен сени жакшы көрбөйм". Маанисин түшүнүп жатасызбы? "Эгер үстү-башың кир болсо — мен сени жакшы көрбөйм". Эмне болуп жатканын байкадыңызбы? Сиз сүйүүгө шарт коюп жатасыз.
Сиз балаңызды тагдыр өзү кам көргөн күчтөн ажыратып жатасыз. Анткени сиз ага: "Сүйүү шартка байланыштуу, эгер сен муну кылсаң, анда мен сени СҮЙӨМ" деп айтып жатасыз. Дал ушул жерден сиз балаңызга, Кудай аны Өзү колдооруна күмөн жаратып, келечекке болгон үмүтүн үзөсүз. Балага келип жаткан Кудайдын мээрими ушундай. Сиз болсо: "Муну кылсаң — сүйүү бар, кылбасаң — жок" деген шартты коёсуз.
Мына ушинтип балаңызды анын жеке табиятынан ажыратып, бүтүндүгүн жоготосуз, кийин сырткы мода (башкалардын пикири) менен жашап "эл эмне дейт" деген жагымсыз комплекс менен чоңойуп толук калыптанбай калат. Баары ушинтип жатат, демек, мен дагы ушундай кылышым керек" дешет. Түшүнүктүүбү?
Инсандын пайдубалы кантип түптөлөт?
Балаңыз эмне гана кылбасын, эч качан өз сүйүүңүздү "эгерде сен тигини кылсаң... анда мен" деген талаптардын кабыгына оробоңуз. Дал ушул жерден инсандын пайдубалы түп-тамырынан куурайт.
Жашоодо мындай шартсыз сүйүүгө тойбой калган балдар толук кандуу инсан боло алышпайт, анткени инсандын өзөгү шартсыз сүйүүнүн пайдубалында гана өсөт — табият мыйзамы ушундай. Ал эми ата-эне — балага бул сезимди үйрөтө турган жашоодогу эң биринчи адамдар, себеби бала кийинки бүткүл өмүрүн ушул сезим менен өткөрөт. Алар мындай мамилени ата-энесинен алышы керек.
Үй-бүлөдө туура мамилени көрүп чоңойгон балдардын өзгөчөлүктөрү:
-
Өз баалуулуктарын терең тандай билет.
-
Жашоодогу максаттарын жана артыкчылыктарын туура коё алат.
-
Туура тандоо жасаганды билет.
-
Өзүнүн ички күчүн жана ишенимин сезет.
Эгерде жашоодо кайсы бир ийгиликсиз, талкаланган тагдырды тереңирээк изилдеп көрсөк, ал адам бала кезинде дал ушундай сүйүүгө зар болуп калганын байкоого болот. Бул эң маанилүү, эң негизги нерсе.
Комментарии
Пока нет комментариев — будьте первым.