Бүгүнкү күндө топту баскетбол шакекчесине чеберчилик менен ыргыткан адам айына миллиондогон доллар тапса, ал эми стриптиз бийлегендер он миңдеген доллар табышат. Ошондо мындай суроо жаралат: руханий практикалар менен алектенген же Кудайга болгон сүйүүнү жайылтууга өмүрүн арнаган адамдар эмне үчүн алардан аз табышы керек?
Бул материалдык дүйнөдө жашооңузга кандай гана максат койбоңуз, адамдарга кандай гана бийик билимдерди бербеңиз, эгер сиз материалдык жактан ийгиликтүү болбосоңуз, адамдар сизди кабыл алышпайт. Эгер сиз жакыр жана жолу болбогон адам болсоңуз, сиз менен эч ким сүйлөшпөйт. Веда адабияттарында айтылгандай, тегеректегилер бизди канчалык ийгиликтүү болгонубузга жана жашоодо өзүбүздүн максаттарыбызга ийгиликтүү жеткенибизге карап баалашат. Бул биринчи кезекте эркектерге тиешелүү. Жеке жашоосундагы көйгөйлөргө наалыган эркектерге эң башкы кеңеш: ийгиликтүү болгула, ошондо бардык көйгөйлөр өзүнөн-өзү чечилет. Бүгүнкү күндө ийгилик (эреже катары) - биздин акчабыздын көлөмүнө жараша бааланат.
Бирок бул дүйнөдө карма мыйзамы да иштейт. Ар бир адамдын өз тагдыры, белгилүү бир кармасы бар. Карма мыйзамына ылайык, ар бирибизге ушул жашоого белгилүү бир өлчөмдөгү акча бөлүнгөн.
Кармабызды өзгөртмөйүнчө, бизге келчү акчанын агымы көбөйбөйт. Ошондой эле, карма мыйзамы ар бир адамдын бул жашоодогу өз милдети, орду (предназначение) бар экенин билдирет. Эгерде адам өз ордун бул жашоодо таппаса анда ал бактылуу болуусу мүмкүн эмес дейт.
Адамда табиятынан илимпоздук сапаттар болсо, анда ал устачылык кылып өзүн эч качан бактылуу сезе албайт. Ошондуктан ар бир адам өз ордун табуусу зарыл.
Демек, биз өз табиятыбызга туура келбеген иш менен алектенсек, канча акчабыз болсо да, алтургай миллионер болсок да, эч качан бактылуу боло албайбыз. Маселен, адам өз милдетине туура келбеген жумушта иштейт дейли. Мисалы, ал мугалим болушу керек эле, бирок азыркы моданы ээрчип юрист болуп кетти. Ал 5-10 эсе көп акча табышы мүмкүн, бирок андан кийин эмне болот?
Эреже катары, мындай адамдар материалдык байлыкка жетишет, бирок алардын бактысы, көп акчалуу болуусу, жашоосунун башка тармактарынан — үй-бүлөсүнөн, досторунан, ден соолугунан айрылып калышы мүмкүн. Бир жагы жакшы болгону менен, калган жагы жакырланат. Же болбосо, бүгүн бир нече миллион тапса, 5 жылдан кийин кайра такыр жакыр болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан өз ордун табуу инсан үчүн абдан маанилүү.
Албетте, эгер үй-бүлөбүз, балдарыбыз ачка калып жатса, кырдаалга жараша башкача мамиле кылышыбыз керек. Мындай учурда биз акча төлөгөн жерге барып иштөөгө милдеттүүбүз. Өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн негизги муктаждыктарын чечип алган, колунда каражаты бар адам гана тандоо укугуна ээ.
Ошентип, эң биринчи эрежени эсибизге түйүп алалы: ар бир адам өз миссиясына, өз табиятына жараша аракет кылышы керек. Бул бизге бакыт тартуулайт, бирок эң кызыгы — ал бизге акча да алып келет. Эгерде биз табиятыбызга төп келбеген иш менен алектенсек, анда бактылуу боло албайбыз. Экинчиден, өзүбүздүн патенциалыбызды толук көрсөтө албайбыз. Үчүнчүдөн, бай боло албайбыз. Эгер адам өз табиятына жана талантына шайкеш келген иш менен алектенсе, ал сөзсүз түрдө гүлдөп-өнүгөт жана тапкан акчасы ага бакыт алып келет. Эгерде адам көңүлү сүйбөгөн иш менен алектенсе, же болбосо алдамчылык менен акча тапса, ал акча ага кайгы алып келет жана Веда адабияттарына ылайык, "максимум 10 жылдын ичинде ал ишин таштайт".
Тамсил: Бир аял устазына байлык ага бакыт алып келбегенин айтып даттанат. Ошондо устаз минтип жооп берет: "Сен байлык жана жакшы шарт болбосо бакыт да болбойт деп ойлоп жатасың. Чынында, чындап бактылуу болуу үчүн сага бир гана нерсе керек —"сен бир иш менен алектенгин, ошол иште өзүңдү унутуп кала турган денгээлде болушуң керек."
Ийгиликтүү болуунун экинчи принциби — ишиңиздин кимдир бирөөгө пайда алып келип жатканын байкоо. Сиз муну сезишиңиз керек. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, иштеп жаткан, бирок анын иши пайда алып келип жатканын сезбеген адамдарда бир нече жылдан кийин депрессия башталат. Алар оор мээнет кылышат, көп акча табышат, бирок бактысыз болушат.
Аюрведа бизге: эгер жасап жаткан ишиңиз бүт тирүү жандарга пайда алып келбесе, анда ал ишти баштабашыңыз керек деп айтат. Мунун ичинде абдан терең маани жатат. Биз бул дүйнөдө материалдык байлыктар үчүн жашап жаткандайбыз.
Качан сиз бир гана материалдык баалуулуктар үчүн иштегениңизде, бул ач көздүктү күчөтөт. Ач көздүк коомдо өз ордубузду табууга тоскоол болот. Ал бизди чектеп коёт. Ач көздүктөн улам биз өз табиятыбызга ылайыктуу иште эмес, көбүрөөк акча төлөгөн жерде иштегибиз келет, жана жыйынтыгында, сүйбөгөн ишибизди каргап-шилеп, өзүбүздүн таланттарыбызды өлтүрөбүз, же ач көздүктүн айынан кимдир бирөөнү алдап коюшубуз мүмкүн, өнөктөштөргө же кесиптештерге адилетсиз мамиле кылышыбыз мүмкүн. Мунун баары биздин аброюбузга, өз ордубузду табууга жана акыры биздин материалдык байлыгыбызга терс таасирин тийгизет. Ач көз жана көрө албас адам интуициясын уга алабы? Эргүү жана чыгармачыл бийиктикти сезе алабы? Заманбап психологдор менен бизнесмендердин айткандай, ички туура эмес көз карашыбыз, кемчилдиктерибиз, биздин материалдык байлыктарыбыздын көбөйүшүнө терс таасирин тийгизет.
Ошондой терс сапаттардын бири — көрө албастык (ичи тардык). Көрө албастык — бул бизди тез эле деградацияга алып баруучу сапат. Бул дүйнөнүн эрежелеринин бири: "байлар байыйт, ал эми кедейлер жакырланат". Буга кандай мамиле кылып жатканыңызга көз салыңыз. Балким, сизде буга карата көрө албастык же кыжырдануу пайда болуп жаткандыр? Эгерде кимдир бирөө көп акча тапса, эмнеге биз ал үчүн сүйүнбөшүбүз керек? Өзгөчө, эгер ал адам айланасындагыларды бир аз да болсо бактылуу кылып жатса.
Өзүңүздөгү көрө албастык менен ач көздүктү байкап, аларды көзөмөлдөңүз. Ач көздүк жана көрө албастык — бул бакытка жана байлыкка баруучу жолду бөгөп салуучу эң кыйратуучу сезимдер. Бул сезимдерди жеңүү үчүн, "бул дүйнөдө баарына жетиштүү байлык бар жана бизге канча керек болсо, ошончо алабыз" деген түшүнүктү кабыл алуу керек. Негизинен, Кудай биздин кедей болушубузду каалабайт жана биз айланабыздагы адамдарга канчалык акчабызды сарптай алсак, ошол денгээлдеги байлыка ээ болобуз.
Тилекке каршы, көпчүлүк адамдар дагы деле "бай адам — бул жаман адам" деп эсептешет. Тескерисинче, эгерде биздин акчабыз болсо, бизде ар дайым кимдир бирөөгө жардам берүү мүмкүнчүлүгү болот. Жакыр адам эч кимге жардам бере албайт. Ушуну эстен чыгарбаңыз. Эң башкысы: биз материалдык жактан канчалык бай болсок, башкаларга берүүгө жана ошону менен өзүбүздүн сүйүүбүздү (мээримибизди) көрсөтүүгө ошончолук көп мүмкүнчүлүк болот.
Дагы бир жагдай. Акча бизге өнүгүүгө жана прогресске жол ачат, акча окууга мүмкүнчүлүк берет. Ал каалаган жерибизде болууга шарт түзөт. Муну түшүнүү өтө маанилүү: акча бизди белгилүү бир эркиндике жеткизет. Ал бизге эркиндикти жана өзүбүздүн ой максаттарыбызды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Акча кубаныч алып келиши керек. Акчага болгон сүйүү биздин ага байланбаганыбызды жана ар дайым акчага сый мамиле кылганыбызды билдирет. Биз акчаны сүйүшүбүз керек, бирок "сүйүү" менен "байлануу" деген түшүнүктөрдүн ортосунда чоң айырма бар экенин унутпаңыз. Байлануу — бул башкарууну жана дагы көбүрөөк алууну каалоо, аны эгоисттик максаттарда колдонуу.
Байлануу деген сөздүн синонимдеринин бири — бул көз карандылык. Акчага байланып калганыбызды кантип билсек болот? Эгер сиз акчаңыздын көптүгү менен сыймыктансаңыз, ал эми акчасы жок адамдарга теңсинбей, өзүңүздөн көп акчасы барларга көз артсаңыз — бул байлануунун белгилери. Дагы бир мисал: эгер жумушуңузда кирешеңизге жана эмгегиңиздин акысына карата көптөгөн коркунучтар жана шектенүүлөр пайда болсо. Маселен, сизге адамдар келет, бирок чын жүрөктөн жардам берүүнүн ордуна, сиз андан канча акча алсам болот деп ойлонсоңуз, анда сиз байлыка байлангансыз. Эгер сиз сүйүү (мээрим) менен жашасаңыз, мындай суроолор сиздин оюңузга келе бербейт. Албетте, сиз буга акылга сыярлык мамиле кыласыз, кызматыңыз үчүн сөзсүз түрдө туура өлчөмдө (сөзсүз эле аз эмес) акы аласыз, бирок сизде коркунуч жок. Эмне болсо, ошол болот. Сиз бардыгын Кудайга тапшырасыз. Өз ишиңизди жасайсыз, ал эми калганы Жараткандын колунда. Бул нерсе өзүбүздү байкап, текшере турган негизги параметрлер.
Кызматыбыз үчүн акча алуудан уялсак, бул дагы жакшы эмес. Сиз таң калышыңыз мүмкүн, бирок көпчүлүк адамдар көрсөткөн кызматы үчүн да акчаны туура кабыл ала алышпайт. Бул дагы акчага болгон туура эмес мамиле. Акчаны тынч кабыл алууну үйрөнүү абдан маанилүү. Маселен, сиз бир адамга жакшылык кылып, аны машинаңыз менен үйүнө чейин жеткирип коюуну чечтиңиз. Бул кырдаалда ал акча береби же жокпу, биз үчүн баары бир. Бирок кээде беришет. Ошондо биз кандай реакция кылабыз? Айрымдар "менин ак дилимден кылган ишиме акча сунуп жатат", же "дагы бир нерсе кылсам жакшы эле, баштыктарды эшигине чейин жеткирип койсом болмок" деген ойлор келет. Ошол замат көз карандылык комплекси пайда болуп. Бизде мындай комплекс бар-жогун кантип текшерсе болот? Эгер сизге акча беришкенде, сиз жөн гана "ыраазымын" деп айтсаңыз жана ыраазычылык сезиминен башка эч кандай шектенүүлөр же суроолор жаралбаса, демек, баары жайында. Биз коомдо жашайбыз, андыктан алууну да үйрөнүү зарыл. Бул дүйнөдө башка адамдар менен тил табыша алсак гана ийгиликке жетебиз. Бул үчүн суроону жана сунуштоону кандай билсек, алууну жана берүүнү да ошондой билишибиз керек. Эми кийинки темага өтөлү.
Көпчүлүк үчүн күтүүсүз болушу мүмкүн, бирок адамдардын басымдуу бөлүгү акчаны каалабайт. Эгер сиз акчага байланбасаңыз — бул нормалдуу көрүнүш. Бирок акчаны чындап каалоо керек. Мен бул парадокско көп туш болом. Бирөөдөн жашоодогу максаттарын тез жазып берүүсүн суранганда, кээ бир адамдар гана "менин максатым — байуу" деп жазат. Бул адамдын түпкү аң-сезиминде (подсознание) мындай каалоо жок экенин көрсөтөт. Ал эми биз жашообузга аң-сезимибизде эмне болсо, ошол нерсени гана алабыз. Эгерде биздин жакынкы бир жылга же 5 жылга белгилүү бир суммадагы акча табуу пландарыбыз жок болсо, демек, акча сиз үчүн маанилүү эмес! Көп адамдар жөн гана бул жөнүндө айтуудан уялышат, бирок эмнеге? Кимдин эле бай болгусу келбесин?
Ошентип, бай жана бактылуу болуунун дагы бир негизги эрежеси: биз муну каалашыбыз керек жана бизге канча акча керек экендигин так билишибиз зарыл. Өз максаттарыңызды жазып чыгуу өтө маанилүү. Бул болмоюнча, аң-сезим аларды кабыл албайт.
Эми жалпы философиялык принциптерден акча менен иштөөнүн конкреттүү техникаларына өтөлү.
Чыгыш психологиясы акча менен убакыт биринчи кезекте сый-урматты талап кыларын айтат. Эгерде сиз акчага, убакытка сыйлабастык менен мамиле кылсаңыз, алар эмне кылышат? Акча, убакыт сыяктуу эле, сизден жөн гана кетип калат. Өзгөчө, эгер сиз эсебин жүргүзбөсөңүз.
Кийинки эреже: биз капчыгыбызда канча акча бар экенин дайыма так билишибиз керек. Бул үчүн биз маал-маалы менен болсо да акчабызды санап турушубуз кажет. Бирок эң жакшысы — чыгашалардын дайыма эсебин жүргүзүү. Акчаны кудайга айлантпоо керек, бирок ага сый мамиле кылып, санап жана көзөмөлдөп туруу шарт.
Эгерде биз акчанын эсебин албасак, ал бир жакка кетип калат. Жана биз кайда кеткенин түшүнө албайбыз. Бул мистикалык процесс. Миң доллар алып, дүкөндөрдү кыдырып чыгыңыз да, эсебин албаңыз. Акчаңыз кетет жана эмнеге кеткени белгисиз болот. Болгону бир байпак сатып алгандай эле болосуз, бирок акча жок. Байкап көрсөңүз, күнүмдүк акчанын эсебин жүргүзгөндө, ал эмнегедир дайыма болот. Ар бир жакшы бизнесмен бухгалтердин абдан керек экенин билет. Эрежелер жөнөкөй — акчага сый мамиле кылыңыз, эсебин алыңыз жана ал жөнүндө эч качан жаман сүйлөбөңүз. Акчаны белгилөө үчүн эч качан "капуста", "жашылча", "бабки" сыяктуу сөздөрдү колдонбоңуз — бул акчага болгон ачык сыйлабастык.
Акчага болгон сыйдын ички жана тышкы көрүнүштөрү болот. Тышкы көрүнүштөрүнүн бири — акча таза, кооз жана ыңгайлуу капчыкта сакталышы керек. Айтылгандай, акчабыздын кооз "үйү" болушу шарт. Акчабызга ыңгайлуу жана жайлуу "жашоо" шартын түзүп берүү — биздин милдет.
Дагы бир жагдай — акчаны санап жатканда, аны өзүңүз отурган жерге койбоңуз. Эгер диванга койсоңуз да, астына кагаз төшөңүз. Болбосо, бул акчага болгон сыйлабастыктын белгиси жана ал сизде турбайт. Бул эрежелердин бири. Башка эреже — акчаны эч качан кир жерге койбоңуз. Мисалы, кир столдун үстүнө. Жакшысы, астына бир нерсе төшөп коюңуз.
Жана дагы бир эң маанилүү принцип. Ар бирибиз ай сайын кирешебиздин бир бөлүгүн, эң аз дегенде кирешенин 10%ын татыктуу долбоорлорго кайрымдуулук кылууну башташыбыз керек. Бул абдан терең эзотерикалык принцип. Кайрымдуулук биздин өнүгүүгө жана байлыкка бара жаткан жолубуздагы тоскоолдуктарды талкалайт. Эгер сиз ай сайын кайрымдуулук кылсаңыз — бул процесс акчага болгон байланууну жок кылат, ач көздүктөн арылтат.
Кирешесинин 10%ын кайрымдуулукка жумшаган адамдар бир нече жылдан кийин айланасындагыларга караганда байыраак жашай баштаарын АКШнын изилдөөчүлөрү тастыкташкан. Биздин акыл дайыма: "Азыр менин акчам аз, өзүмө да жетпей жатат, бирок качан мен көп тапканда..." деп айта берет. Эң кызыгы, акча канчалык көп болсо, мындай ойлор ошончолук көбөйөт...
Кайрымдуулукту туура жасоону үйрөнүү керек, анткени материалдык нерсени эле берип коюу дайыма эле жакшы боло бербейт. Муну менен биз адамды бузуп, анын да, өзүбүздүн да жаныбызга зыян келтиришибиз мүмкүн. Көпчүлүк үчүн бул чындыгында чоң көйгөй — акчаны кимге жана кайда кайрымдуулук кылуу керек? Ведалар кайрымдуулукту татыктуу адамдарга, татыктуу долбоорлорго берүү керек деп айтат. Азыркы учурда мындайды табуу оңой эмес... Бирок эсиңизде болсун, татыктуу адамдарга кайрымдуулук кылганыңызда, сиздин ийгилигиңиз артат.
Тамсил: — Мен баймын, бирок өтө бактысызмын. Эмнеге? — Анткени сен акча табууга өтө көп убактыңды коротуп, адамдарга сүйүү (мээрим) берүүгө өтө аз убакыт бөлөсүң.
Ошентип, акчага болгон мамиленин эң маанилүү принциптерин кайталайбыз: Бай жана бактылуу болуу үчүн ар бир адам өз милдетине (табиятына) жараша аракет кылып, өз таланттарын максималдуу түрдө колдонушу керек, ошондой эле анын ишмердүүлүгү айланасындагылардын баарына пайда алып келип жатканын сезиши кажет. Өнүгүү жолунда "бул дүйнөдө баарына жетиштүү байлык бар жана бизге канча керек болсо ошончо алабыз" деген акыйкатты түшүнүп, эң кыйратуучу эки сезимди — ач көздүктү жана көрө албастыкты жеңүү зарыл. Аткарылган иш же көрсөтүлгөн кызмат үчүн акчаны ыраазычылык менен кабыл алууну билүү керек. Жакынкы бир жылга, беш жылга так каржылык максат коюңуз. Акчаны каалашыңыз керек!
- Күнүмдүк киреше менен чыгашаңыздын эсебин жүргүзүңүз.
- Акчаны белгилөө үчүн эч качан орой (сленг) сөздөрдү колдонбоңуз.
- Акчаңыз үчүн кооз жана ыңгайлуу капчык сатып алыңыз.
- Акчаны ар кайсы бурчта жана чөнтөктөрдө чачып сактабаңыз.
- Акчаны эч качан кир жерге же өзүңүз отурган жерге койбоңуз.
- Кирешеңиздин бир бөлүгүн, жок дегенде 10%ын, татыктуу адамдарга жана татыктуу долбоорлорго кайрымдуулук кылууну адат кылыңыз.
Бул миңдеген жылдар бою сыналган өтө жөнөкөй эрежелер. Ушул жөнөкөй эрежелерди сактоо менен, сиз бир жылдын ичинде эле каржылык абалыңыз канчалык жакшырганына жана өзүңүздү канчалык тынч, ишенимдүү жана бактылуу сезип калганыңызга ынана аласыз.
Ийгилик жана береке каалайм!
Рами Блект
Комментарии
Пока нет комментариев — будьте первым.