Адам позитивдүү жүрсө бактылуу болот

Материалдык көз караштагы адамдар «оболу бардык көйгөйлөрдү чечип алып, андан кийин гана бактылуу болуу мүмкүн» дешет. Бирок ыйык жазууларда (шастраларда) бул дүйнөдөгү көйгөйлөр эч качан түгөнбөй турганы айтылган.

Адамдын акылы позитивдүү, таза болсо, ал ар дайым кубанычта жашай алат. Көйгөйлөрдү чечем деп убара болуунун кереги жок, аларды жөн гана жайына коюңуз. Бактылуу болууну үйрөнүү — мына ушул эң башкы милдет.

Материалдык көз караштагы адамдар «оболу бардык көйгөйлөрдү чечип алып, андан кийин гана бактылуу болуу мүмкүн» дешет. Бирок ыйык жазууларда (шастраларда) бул дүйнөдөгү көйгөйлөр эч качан түгөнбөй турганы тууралуу айтылган. Бакыт менен кайгы, кыш менен жай сыяктуу дайыма бирин-бири алмаштырып турат жана сиз буга эч нерсе кыла албайсыз. Анткени бул — материалдык табияттын гуналары (сапаттары).

Көйгөйлөр жөнүндө ойлоно бербеңиз. Эгер сиз аларга ашыкча көңүл бурбай койсоңуз, көйгөйлөр өзүнөн-өзү алсырай баштайт. Алар жөнүндө канчалык көп сүйлөсөңүз, алар ошончолук салмактуу, илимий жактан негизделгендей болуп көрүнө баштайт. Майянын (иллюзиянын) таасири дал ушундай иштейт. Эгерде Жараткан жөнүндө ойлонбосок, биз көйгөйлөрдүн сазына батып, ошол бойдон алардын арасында өмүр кечиребиз.

Көйгөйлөрдүн бирден-бир туура чечими — пешенеге жазылган сыноолорду сабырдуулук менен көтөрүү жана позитивдүү, чын ыкыластан кызмат кылуу. Ошондо сиз турмуштун кыйынчылыктарын байкабай да каласыз. Алтургай бул дүйнө сизге руханий дүйнөдөн кем эместей көрүнүп калат.

Комментарии 1

Комментарий публикуется сразу. Будьте уважительны.
Администратор VEDA.KG

Керемет!